• 30Окт

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/1.

                “Айыл өкмөт башчысынын 9 айлык отчетун кароо жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 9 айында аткарган иштери боюнча отчётун угуу жөнүндө айылдык кеӊештин төрагасы С.Барпиевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 9 айында аткарган иштери боюнча отчёту жылдык отчёт менен биргеликте кароо жагы белгиленсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

     

    shapka

     

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/2.

                “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата атайын каражаттар бөлүмүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүн эсепке алуу жөнүндө”

                Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар бөлүмүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар (14238900 беренеси) бөлүмүнө түшүүчү 139200 (бир жүз отуз тогуз миӊ эки жүз) сом акча каражаты COVID 19 пандемиясына байланыштуу кошумча киреше катары каржылоо булагынан кыскартылсын.
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар бөлүмүнүн чыгашалар беренесине (22154900) көрсөтүлгөн 139200 (бир жүз отуз тогуз миӊ эки жүз) сом акча каражаты чыгымдоолор беренесинен кыскартылсын.
    1. Жогорудагы акча каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнөн кыскартуу жагы финансы экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/3.

                “Коргон-Дөбө айылына курулуп жаткан мини футболдук спорт аянтчасына акча каражатын кароо жөнүндө”

                Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылына жеке ишкер Култаева Гүлшаркандын  демөөрчүлүгү менен курулушу башталып, токтоп калган мини футболдук  спорт аянтчасына 300000 (үч жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылына жол шагалдоого бөлүнгөн 300000 (үч жүз миӊ) сом акча каражаты, жеке ишкер Култаева Гүлшаркандын демөөрчүлүгү менен курулушу башталып, токтоп калган мини футболдук  спорт аянтчасына которууга макулдук берилсин.
    1. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам ченемдүү карап иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/4.

                “Түрдүү чыгымдар беренесинен өзгөчө кырдаалдар беренесине акча   каражатын которуу жөнүндө”

                Түрдүү чыгымдар беренесинен 100000 (жүз миӊ) сом акча каражатын өзгөчө кырдаалдар беренесине которуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Түрдүү чыгымдар беренесинен 100000 (жүз миӊ) сом акча каражатын өзгөчө кырдаалдар беренесине которууга макулдук берилсин.
    1. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам ченемдүү карап иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/1.

                “Ак-Сай айылындагы мечитке Халифа Хазрети “Ибрахимжандын” ысымын коюу жөнүндө”

                Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин Ак-Сай айылына курулган жамааттык мечитке Халифа Хазрети “Ибрахимжан” атындагы мечит деп атоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Сай айылына курулган мечитке Халифа Хазрети “Ибрахимжандын” ысымы ыйгарылсын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык комитетине милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/2.

                “XONDA STEP үлгүсүндөгү тез жардам унаасын муниципалдык менчикке тартуу жөнүндө”

                Бишкек шаарындагы “Ак-Суу коому” тарабынан №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна белекке берилген XONDA STEPүлгүсүндөгү, мамкаттоосу 08KG630AGT, каттоо күбөлүгү АА0316797 тез жардам унаасын муниципалдык менчикке тартуу жөнүндө, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. XONDA STEP үлгүсүндөгү тез жардам унаасын муниципалдык менчикке алынсын.
    1. Муниципалдык менчикке мыйзам ченемдүү өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/3.

                “Ак-Суу айылынын тургуну Абдылдабеков Курманалынын жана уулу Бакыттын арызын кароо жөнүндө”

                Ак-Суу айылынын тургуну Абдылдабеков Курманалынын менин огородумдун жанындагы бош жер аянтын көп жылдан бери көрктөндүрүп келгем, ошол жерди уулум Бакытка турак жай салууга мыйзамдуу бөлүп бериӊиз деген мазмундагы арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

                                  ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылынын тургуну Абдылдабеков Курманалынын арызы эске алынсын.
    1. Курманалы уулу Бакыткатурак жай салуу үчүн жер тилкесин мыйзам чегинде карап чечүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/4.

                “Ак-Сай айылынын тургуну Мамырова Тамаранын арызын кароо жөнүндө”

                Ак-Сай айылынын тургуну Мамырова Тамаранын турак жай салуу үчүнНан-Жатырдагы алма бактын четинен жер тилкесин бериӊиз деген мазмундагы арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Сай айылынын тургуну Кыдыров Болотко подстанциянын жогору тарабындагы бош жердентурак жай салуу үчүн жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин.
    1. Турак жай салуу үчүн жер тилкесин мыйзам ченемдүү бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.

     

     

    shapka

    12.10.2020-жыл.                                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХХ сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/5.

                “Жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдик негизде контрагын төлөө менен врач даярдоо жөнүндө”

                Ак-Суу айыл аймагында калктын саламатыгына кам көрүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдик негизде контрагын төлөө менен Медициналык Академияга 1(бир) студентти окутуп, врач даярдоо жөнүндө социалдык комитеттин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынан Медициналык Академияга 1(бир) студентти жергиликтүү бюджеттин эсебинен келишимдик негизде контрагын төлөп, окутууга макулдук берилсин.
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинен акча каражатын кароо жана келишимди даярдоо жагы ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                    С.Барпиев.