
ТОКТОМ № 1
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча текшерүүдө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 1.01.2014- 31.12.2015-жылдагы аралыкта бюджеттин аткарылышы боюнча кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү адистерге чара колдонуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча текшерүүдө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 1.01.2014- 31.12.2015-жылдагы аралыкта бюджеттин аткарылышы боюнча кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү адистерге чара колдонуу жөнүндө туруктуу комиссиясынынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча текшерүүдө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 1.01.2014- 31.12.2015-жылдагы аралыкта бюджеттин аткарылышы боюнча кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү адистерге чара колдонуу жагы айыл өкмөт башчысы У. Качыбековко милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жариялансын:
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын маилекеттик реестрине киргизүү жагы жоопту катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Н.Балтабаевге милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ № 2
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айылдык кенештин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун жарыялоо жана хостинг ачууга жана веб сайтка жарыялоо үчүн 2016-жылдан 2017-жылга чейин 2 жылдык мөөнөткө акча каражатын кароо жөнүндө.
Ак-Суу айылдык кенештин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун жарыялоо жана хостинг ачууга жана веб сайтка жарыялоо үчүн 2016-жылдан 2017-жылга чейин 2 жылдык мөөнөткө акча каражатын кароо жөнүндө туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айылдык кенештин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун жарыялоо жана хостинг ачууга жана веб сайтка жарыялоо үчүн 2016-жылдан 2017-жылга чейин 2 жылдык мөөнөткө 20 000(жыйырма мин)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын маилекеттик реестрине киргизүү жагы жоопту катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жүктөлсүн.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ № 3
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кенештерге) кайрылуусун аткаруу жөнүндө.
Участкалык шайлоо комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкерлерди арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын негизинде участкалык шайлоо комиссияларынын сапаттык курамы жөнүндө туруктуу комиссиясынынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- №2342 Коргон-Дөбө шайлоо участкасынын, участкалык шайлоо комиссиясынын сапаттык курамы, №2343 Ак-Суу шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиясынын сапаттык курамдары бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
- №2342 Коргон-Дөбө шайлоо участкасынын, участкалык шайлоо комиссиясынын сапаттык курамы, №2343 Ак-Суу шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиясынын сапаттык курамдарын бекитип берүү жагы Аксы райондук А.Ш.К нан суралсын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жариялансын:
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын маилекеттик реестрине киргизүү жагы жоопту катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Н.Балтабаевге милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ № 4/1
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик ыйгарым укукту аткарып жаткан экономист-статисттин эмгек акысын төлөп берүү жөнүндөгү «Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамга ылайык муниципалдык кызматчынын ишин, кесипкөй жана моралдык сапаттарын баалоо тутумунун негизинде кызмат боюнча келечектүу алдыга жылдырууга келишим түзүүдө статистика маселесин аткарып жаткан адистин позициясын эске алуу менен Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы жарандардын абалын актыга катоо департаменти менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө».
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик ыйгарым укукту аткарып жаткан экономист-статисттин эмгек акысын төлөп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамга ылайык муниципалдык кызматчынын ишин, кесипкөй жана моралдык сапаттарын баалоо тутумунун негизинде кызмат боюнча келечектүу алдыга жылдырууга келишим түзүүдө статистика маселесин аткарып жаткан адистин позициясын эске алуу менен Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы жарандардын абалын актыга катоо департаменти менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө». өкмөтүнүн алдындагы жарандардын абалын актыга катоо департаменти менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим бекитилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жариялансын:
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын маилекеттик реестрине киргизүү жагы жоопту катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясына жүктөлсүн.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ № 4/3
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик ыйгарым укукту аткарып жаткан жооптуу катчынын эмгек акы төлөп берүү жөнүндөгү «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы жарандардын абалын актыга катоо департаменти менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө».
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик ыйгарым укукту аткарып жаткан жооптуу катчыга эмгек акы төлөп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы жарандардын абалын актыга катоо департаменти менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим бекитилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жариялансын:
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын маилекеттик реестрине киргизүү жагы жоопту катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясына жүктөлсүн.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ № 5
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
«Бийкомпакт» ЖЧКсынын менеджери Ж.Шакыевдин жүргүзгөн иштери жана Коргон-Дөбө айылынын тургуну Т.Акбаровго берген билдирүүсү жөнүндө.
«Бийкомпакт» ЖЧКсынын менеджери Ж.Шакыевдин жүргүзгөн иштери жана Коргон-Дөбө айылынын тургуну Т.Акбаровго берген билдирүүсү жөнүндө угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Бийкомпакт» ЖЧКсынын менеджери Ж.Шакыевдин жүргүзгөн иштери жана Коргон-Дөбө айылынын тургуну Т.Акбаровго берген билдирүүсү эске алынсын.
- «Бийкомпакт» ЖЧКишканасына Коргон-Дөбө айылынын жолдоруна кум төгүп берүү жагы «Бийкомпакт» ЖЧКсынын менеджери Ж.Шакыевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын оорун басары Н.Балтабаевге жүктөлсүн .
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ №6
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХII-сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн агрардык маселелери жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын жер участокторунун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 6-7-12 беренелерине ылайык жана “Жер Кенчи” ЖЧКсынын директору А.Ташкулованын кайрылуусуна негиз туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген “Жер Кенчи”ЖЧКсына 2015-жылдын 13-июлундагы № 4252 А Р жер казынасын пайдалануу укугуна ээлик кылган лицензиясына негиз Ак-Суу аймагындагы Таш-Көмүргө чектеш жалпы аянты 9га жайыт жерди трансформациялоого макулдук берилсин.
- Бөлүнгөн жерди мыйзамга ылайык трансформациялоо Аксы райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
- Бардык документтерди тактап берүү жагы Аксы, Ала-Бука, Чаткал Экологиялык техникалык инспекциясынан суралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын түзүлгөн комиссиянын курамына кирген айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкулов милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов

ТОКТОМ № 8
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагындагы катуу тиричилик калдыктарын сактоочу жайлардын аянттарын бөлүп берүү жөнүндө.
Ак-Суу айыл аймагындагы катуу тиричилик калдыктарын сактоочу жайлардын аянттарын бөлүп берүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун кайрылуусун талкуулап карап Ак-Суу айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы Катуу тиричилик калдыктарын сактоочу жайлардын жер аянттары: Ак-Суу айылынын борбордук бөлүгүнөн эски өлүккананын ордунан 30квм, Таш-Көмүр – Кара-Жыгач автожолунун мурунку Кара-Суу айылынын туштук батыш тарабынан 1.0 га жер аянттары бөлүнүп берилсин.
- Бөлүнүп берилген жер аянттарын трансформация кылып берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Бөлүнүп берилген жер аянттарына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү агрардык туруктуу комиссиянын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов

ТОКТОМ № 8/1
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айылынын Төө-Басты , Ак-Сай айылына өтүүчү көпүрөлөрдү сактап калуу максатында чон техника (ХОВА, МАН) авто машиналарын өтүүдө чектөө киргизүү жөнүндө
Ак-Суу айылынын Төө-Басты , Ак-Сай айылына өтүүчү чон көпүрөлөрдү сактап калуу максатында чон техника (ХОВА, МАН) авто машиналарын өтүүдө чектөө киргизүү жөнүндө туруктуу комиссиянын төрагасы С.Мамытовдун билдирүүсү угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айылынын Төө-Басты , Ак-Сай айылына өтүүчү чон көпүрөлөрдү сактап калуу максатында чон техника (ХОВА, МАН) авто машиналарын өтүүдө чектөө киргизилсин .
- Ак-Суу айылынын Төө-Басты айылындагы көпүрөнү көзөмөлгө алуу айыл башчы Д.Шакыевге , Ак-Сай айылындагы көпүрөнү көзөмөлгө алуу С.Үрүсбаевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын оорун басары Н.Балтабаевге жүктөлсүн .
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ № 8/2
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айылынын Коргон-Дөбө участкасындагы айылдык мончо жөнүндө.
Ак-Суу айылынын Коргон-Дөбө участкасындагы айылдык мончо жөнүндө туруктуу комиссиянын төрагасы С.Мамытовдун билдирүүсү угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айылынын Коргон-Дөбө участкасындагы айылдык мончо курулуштун пайдалануу убактысы бүтүп, курулуш жараксыз абалга келгендигине байланыштуу айылдык мончо керектен чыгарылсын.
- Ак-Суу айылынын Коргон-Дөбө участкасындагы айылдык мончону керектен чыгаруу боюнча тиешелүү комиссия менен аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын оорун басары Н.Балтабаевге жүктөлсүн .
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ № 8/3
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
2013-2014-жылдары Көк-Кыя участкасынын эски кыркым пунктун сатып алган К.Смаиловдун арызын кароо жөнүндө.
2013-2014-жылдары Көк-Кыя участкасынын эски кыркым пунктун сатып алган К.Смаиловдун арызын карап чыгып, Ак-Суу айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2013-2014-жылдары Көк-Кыя участкасынын эски кыркым пунктун сатып алган К.Смаиловдун арызы комиссиянын негизинде талдап, кароого калтырылсын .
- 2013-2014-жылдары Көк-Кыя участкасынын эски кыркым пунктун сатып алган К.Смаиловдун арызын көзөмөлдөө жер адис А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айылдык кенешинин агрардык туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ № 8/4
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Кыргыз маданиятына опол тоодой зор салымын кошкон арген үндүү Гүлжан Сейиткулованын ысымын Коргон-Дөбө маданият үйүнө ыйгаруу жөнүндө.
Кыргыз маданиятына опол тоодой зор салымын кошкон арген үндүү Гүлжан Сейиткулованын ысымын Коргон-Дөбө маданият үйүнө ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артистери Н.Таабалдиева,Чоро Думанаев, Дүйшөнбек Үкүев,Келдибек Ниязовдордун сунуштарын талкуулап айылдык кенеш токтом кылат.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз маданиятына опол тоодой зор салымын кошкон арген үндүү Гүлжан Сейиткулованын ысымын Коргон-Дөбө маданият үйүнө ыйгарылсын.
- Коргон-Дөбө маданият үйүн көзөмөлдөп жумуш аткаруу жагы Коргон-Дөбө маданият үйүнүн директору А.Мырзалиевага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын оорун басары Н.Балтабаевге жүктөлсүн .
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ № 8/5
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Төө-Басты участкасынын Төрөкулов Мундузбай атындагы көчөсүндөгү таза суунун шлангаларын ремонт жасоо үчүн акча каражатын берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Төө-Басты участкасынын Төрөкулов Мундузбай атындагы көчөсүндөгү таза суунун шлангаларын ремонт жасоо үчүн акча каражатын берүү жөнүндө туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Төө-Басты участкасынын Төрөкулов Мундузбай атындагы көчөсүндөгү таза суунун шлангаларын ремонт жасоо үчүн 8 (сегиз мин) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жариялансын:
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын маилекеттик реестрине киргизүү жагы жоопту катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясына жүктөлсүн.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ № 8/6
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Суу учаскалык ооруканасынын ремонт жумуштарын жасоо үчүн акча каражатын берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Суу учаскалык ооруканасынын ремонт жумуштарын жасоо үчүн акча каражатын берүү жөнүндө туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Суу учаскалык ооруканасына ремонт жасоо үчүн 10700 (он мин жетүү жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жариялансын:
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын маилекеттик реестрине киргизүү жагы жоопту катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясына жүктөлсүн.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.

ТОКТОМ № 7
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХII -сессиясы
04.08.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айылдык өкмөтүнө жана Ак-Суу айылдык кенешке түшкөн арыздарды кароо жөнүндө .
Ак-Суу айылдык өкмөтүнө жана Ак-Суу айылдык кенешке түшкөн арыздарды кароо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айылдык өкмөтүнө жана Ак-Суу айылдык кенешке түшкөн арыздарды аткарууда жер адис А.Алымкулов, жооптуу катчы Т.Чойбекова жоопторду өз убагында көзөмөлгө албагандыгы белгиленсин.
- Ак-Суу айылдык өкмөтүнө жана Ак-Суу айылдык кенешке түшкөн арыздарды аткарууда жер адис А.Алымкулов, ФЭБ башчысы А.Кожобеков, жооптуу катчы Т.Чойбековалар өз убагында жооп берүүнү жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын оорун басары Н.Балтабаевге жүктөлсүн .
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.