• 25Мар

    shapka

    31.01.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

     Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

     VII -сессиясы

     ТОКТОМ №1

    Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

     

     

      Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылга иш планын  айылдык кенештин төрагасы Т.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп талкуулап  Ак-Суу айылдык кенеши;

      ТОКТОМ   КЫЛАТ:

     

    1. Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылга иш планы бекитилсин.

    (Тиркеме тиркелет)

     

     

    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
    2. Токтом aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     

    1. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.


    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.

     

    иш план кенеш 2018


     

    shapka

    31.01.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

     VII-сессиясы

    ТОКТОМ №2

    «Ак-Суу айыл  өкмөтүнүн   2018-жылга бюджетин бекитүү  жана 2019-2020-жылдардын  болжолдуу долбоору  жөнүндө»

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2019-2020-жылдардын болжолдуу  долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун  угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши;

        ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылкы жергиликтүү  бюджеттинин аткарылышы жөнүндө ФЭБ башчынын отчету«канатандыраарлык»деп табылсын.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешесинин көлөмү 3501,1(уч миллион беш жуз бир мин бир жүз )сом, мунун ичинен  атайын каражат 562,5 (Беш жүз алтымыш эки  мин беш жүз )сом, теңдоочу грант 5755,4(беш миллион жети жүз элуу беш мин төрт  жүз )сом, Жайыттын кирешеси 242,3 Жалпысы9498,8(тогуз   миллион  төрт жүз токсон сегиз  мин сегиз жүз ) сом суммасында  (№1- тиркемеге) ылайык бекитилсин .
    3. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018- 2019-жылдагы жергиликтүү бюджеттин  трансферттерин болжолдуу көлөмү (№2- тиркемеге) ылайык  бекитилсин,  жана  өздүк бекитилген  киреше  мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
    4. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетин чыгаша бөлүгү

         ( № 3 тиркемеге ) ылайык бекитилсин.

    1. 2017-жылдан пайдаланылбай калган 1379977,10(Бир миллион үч жүз жетимиш тогуз миӊ тогуз жуз жетимиш жети сом 10 тыйын) акча каражатын ар кандай чыгымдарга чыгымдоо жагы каралсын.    (№4   тиркеме тиркелет)
    2. 2017-жылдын атайын каражатындагы ата энелер толомунон пайдаланылбай калган 74500,00 (Жетимиш төрт мин беш жүз сом, 00 тыйын) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн балдар бакчасына эмерек жана компютердик камсыздоолорду алуу үчүн жумшалсын (№5 тиркеме тиркелет).
    3. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге(айлык акы, соц фонд , тамак аш, көмүр, байланыш,электр энергиясына) калган суммасы башка түрдүү беренелерге  жумшалсын.
    4. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөттүн  башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн .
    5. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын 21-беренесине ылайык  жалпы жылдык бюджеттин 1 пайызы 96,2 ( токсон алты мин эки жүз) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнун  резервдик фонду түзүлсүн.
    6. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кенешке сунуш берүү жагы  Ак-Суу айыл  өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына  милдеттендирилсин.
    7. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салыктык эмес төлөмдордүн белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткарууну айыл өкмөттүн салык инспекторуна  милдеттендирилсин.
    8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомуна негиз  айыл өкмөттүн 2 (эки) айыл башчысынын  ордуна 4(төрт) айыл башчы, жарым ставка менен 2 (эки) кызматкер аскердик учетко алууга , айлык акылары жетектөөчү адистин айлык акысынын денгээлинде каралып бекитилсин.
    9. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жыл башына 2018-жылга жүгүртүлүүчү накталай акча каражаты 200000,00 (эки жүз миң) сом өлчөмү менен бекитилсин.
    10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин  бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы  Финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
    11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин  төрагасынын орун басары  К.Төрөкуловко  бюджет жана каржы комитетинин төрагасы  Д.Шадыкановко милдеттендирилсин .


     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.

     

    тиркеме1 тиркеме2  тиркеме 3  тиркеме 4  тиркеме 5

     


     

    shapka

    31.01.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

     VII -сессиясы

    ТОКТОМ №2/1

    Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка  салыктары жөнүндө;

    Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыктары жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык Кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгы боюнча пенсионерлерге жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 15(он беш) сотыхтан ашкан жерлерине салык төлөнсүн.
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге коэффициент бекитилип берилсин .

                -Ак-Суу айыл өкмөтүнүн борбору-1,0

                -Мазар, Коргон-Дөбө, Ак-Сай, Төө-Басты айылдары -1,0

                -Кен байлыктарды казуу багытындагы мекеме уюмдарга -1,0.

    1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Шадыкановго  милдеттендирилсин.
    1. Токтом aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
    2. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.


    shapka

    31.01.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

     VII -сессиясы

    ТОКТОМ №3

    Ак-Суу жайыт комитетинин 2017-жылда киреше жана чыгаша  бөлүгүнүн аткарылышы, 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө.

     Ак-Суу жайыт комитетинин 2017-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө  жайыт комитетинин төрагасы М.Чокоевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап  Ак-Суу айылдык Кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүгү (1-тиркемеге) ылайык бекитилсин.
    1. Ак-Суу жайыт комитетинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун бир жылдык иш планы бекитилсин.

                (тиркеме тиркелет)

    1. Жайыт комитетинин 2018-2022-жылдарга өнүгүү планы бекитилсин.

               (тиркеме тиркелет)

    1. Ак-Суу жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетиде көрсөтүлгөн 3 штаттык бирдик жана эмгек акыларынын өлчөмдөрү бекитилсин.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
    1. Токтом www.aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
    1. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев

    тиркеме 1 тиркеме 2 тиркеме 3


    shapka

    31.01.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

    VII -сессиясы

    ТОКТОМ №3/1

    Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы  М.Чокоевдин жайыт жерлерин пайдалангандыгы  үчүн акы төлөөлөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө.

     

    Ак-Суу жайыт комитетинин 2018-жылга жайыт жерлерди пайдаланууга төмөнкү карата  жайыт комитетинин төрагасы М.Чокоевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап  Ак-Суу айылдык Кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу жайыт комитетинин 2018-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап чыгып:

                     1 баш кара мал, жылкы, эшек үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент), 1жаштагы  кара мал үчүн 1 жылга 45 сом ( 0,7 коэффициент),

    1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 13 сом ( 0,2 коэффициент) менен бекитилсин.

    1. Башка айыл өкмөттөрдөн, район, шаарлардан келген чарба мал-жандыктары Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жогорудагы берилген коэфицент  1,5 эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
    2. Токтом www.aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
    1. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

     

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.


    shapka

    31.01.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

     VII -сессиясы

    ТОКТОМ №4

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде жүргүзгөн  иши жөнүндө отчету жана 2018-жылга иш планын  бекитүү жөнүндө.

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде жүргүзгөн  иши жөнүндө отчету жана 2018-жылга иш планын  айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун билдирүүсүн угуп талкуулап  Ак-Суу айылдык кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы аткарган жумуштарынын отчёту “канаттандыраарлык” деп табылсын.
    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга аткарыла турган иш  планы бекитилсин.

             (Тиркеме тиркелет)

    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
    1. Токтом www.aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
    1. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев

    тиркеме 1 иш план 2018 айыл окмот


    shapka

    31.01.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

     VII -сессиясы

    ТОКТОМ №5

    ЖЧК «Көмүр Кен» ишканасынын арызын кароо жөнүндө.

    ЖЧК «Көмүр Кен» ишканасынын кайрылган арызын карап чыгып ЖЧК «Көмүр Кен» ишканасына берилген №5498 СЕ лицензиянын негизинде  «Разрез Кара-Су №2»  Северный площадь  участкасынан убактылуу жер казынасын пайдалануу жумуштарына 51,7 га жер бөлүп берүү жөнүндө айылдык кенештин депутаттары, талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. ЖЧК “Көмүр Кен” ишканасына №5498 СЕ лицензиясына негиз «Разрез Кара-Су №2” Северный площадь участкасынан убактылуу жер казынасын пайдалануу жумуштарына 51,7 га жер аянтына уруксат берилсин.
    1. Бөлүнүп берилген жер аянтына тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
    1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде салык жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөө ЖЧК “Көмүр Кен” ишканасынын жетекчиси  Т.Б. Бекмуратовго  милдеттендирилсин.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н. Акматовго милдеттендирилсин.
    1. Токтом aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
    2. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.

     


     

    shapka

    31.01.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

     VII -сессиясы

    ТОКТОМ №6

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги мончону ижарага берүү жөнүндө.

    Ак-Суу айылдык Кенеши күн тартибиндеги Өмүралиева  Токтокан Анарбаевнанын арызын карап жана талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши;

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн мунуципалдык менчиктеги  мончо  өз багыты өзгөртүлбөстөн ижарага берилсин.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн мунуципалдык менчиктеги мончону   берүүдө иш кагаздарын даярдап берүү жагы жер адис А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
    1. Токтом aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
    2. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

     


    Ак-Суу айылдык кенешинин  төрагасы:                       Т.Эшалиев.

     


     

    shapka

    31.01.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

     VII -сессиясы

    ТОКТОМ №7

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  эски гараждын ордунан сетка токуу жана техникалардын баллондорун желимдөөчү аппаратын коюп иштетүү жөнүндө.

    Ак-Суу айылдык Кенеши күн тартибиндеги Шакеев Залкарбектин арызын карап жана талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши;

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  эски гараждын ордунан сетка токуу жана техникалардын баллондорун желимдөөчү аппаратын коюп иштетүүгө  керектүү жер аянты бөлүнүп  берилсин.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  эски гараждын ордунан сетка токуу жана техникалардын баллондорун желимдөөчү аппаратын коюп иштетүүгө берилген жер аянтын тактап,  иш кагаздарын берүү жагы жер адис А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
    1. Токтом aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
    2. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

     

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин  төрагасы:                       Т.Эшалиев


    shapka

    31.01.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

     VII -сессиясы

    ТОКТОМ № 8

    Коргон-Дөбө айылынын жаштарына спорт аянтчасы үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө.

    Ак-Суу айылдык Кенеши күн тартибиндеги Коргон-Дөбө айылынын жаштарынын арызын карап жана талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши;

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Коргон-Дөбө айылынын жаштары үчүн спорт аянтчасына жер аянты бөлүнүп  берилсин.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Коргон-Дөбө айылынын жаштары үчүн спорт аянтчасына берилген жер аянтын тактап,  иш кагаздарын берүү жагы жер адис А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
    1. Токтом aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
    2. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

     

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин  төрагасы:                       Т.Эшалиев


    shapka

    31.01.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

     VII -сессиясы

    ТОКТОМ №9

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Нан-Жатыр” участкасындагы 5 га бакты бекитип берүү жөнүндө.

    Ак-Суу айылдык Кенеши күн тартибиндеги жер адис А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши;

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Нан-Жатыр” участкасындагы 5га бакты бир адамга жер аянты бекитилип берилсин.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Нан-Жатыр” участкасындагы 5га бакты бир адамга жер аянты бекитип берүү жагы жер адис А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
    1. Токтом aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
    2. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

     

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин  төрагасы:                       Т.Эшалиев