• 27Май

    shapka

    29.03.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

    VIII-сессиясы

    ТОКТОМ №1

    «Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берүү акылары жөнүндө»

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берүү акылары боюнча жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши:

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара акылары: 1га кайракы айдоо жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 500сом,

    1га чоп чабынды жер үчүн соц. фонд жер салыгы менен 1000сом, сугат жер үчүн соц. фонд жер салыгы менен 2500сом, бекитилсин.

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүүдө айыл өкмөтүнүн трактору менен 1га жер үчүн 2500сом (соляркасы, маласы, айдоо акысы ичинде ), айыл ичиндеги айдоолорго 1 сотугуна 60 сомдон бекитилсин (соляркасы ичинде)
    1. Чөп чабынды жерге 1га жерди чаап бериши – 1500 сом, гравилдөөсү- 700 сом, барабанный гравилдөөсү үчүн 1га жерге 1000сом бекитилсин.
    1. Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрү, чөп чабынды көп жылдык чөпкө кайтарууга накталай акча түтүнгө 400 сом менен же андан ашпаган келишим баада бекитилсин.
    2. Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акыларын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин. Аукциондун баштапкы баасы 1000 сом болуп бекитилсин.
    3. Токтомдун аткарылышын Айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу уч. Инспектор Ж. Досалиевге милдеттендирилсин.
    2. Токтомдун аткарылышын жалпы көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык туруктуу комисииясынын төрагасы Н.Акматовго жана анын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
    3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
    4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловко милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.


    shapka

    29.03.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

    VIII-сессиясы

    ТОКТОМ №2

    «Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына, жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү) жөнүндө»

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына, жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү). сунуштар боюнча жайыт комитеттинин төрагасы М. Чокоевдин билдирүүсүн угуп талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши:

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөндөгүдөй белгиленсин:

    а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 1-апрелден 10-апрелге чейин аткарылсын (жаратылыш шарты эске алынсын)

    б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар 1-апрелден 10-апрель аралыгында көчүрүлсүн (жаратылыш шарты эске алынсын)

    1. Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 25-майдан 10-июнга чейин (жаратылыш шартын эске алуу менен белгиленсин)

    а) Бардык малдын түрү ветеринардын эмдөөдөн өтсүн.

    б) Тиешелүү ветеринардын документтер менен камсыз болсун.

    в) Кайра көчүп келүү 1-сентябрь белгиленсин.

    (Эрте көчүп келген атуулдарга административдик кодекстин негизинде штрафттар төлөнсүн)

    1. Ак-Суу айылынын калкы жашаган конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (аркандалсын, кайтарылсын)
    • Айылда мал алып калгандарга ар бир баш учун 500 сом айып пул салынсын.
    • Тартип бузуу кайталанса айыптын суммасы 2 эсе жогорулайт, административтик кодекстин негизинде чара көрүлсүн.
    1. Ар айылда кезүүгө 50 уйга 2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
    2. Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга кирбесин.
    3. Бада алган атуулдун малы, кой, эчкиси 300 баштан ашса, уйу 10 баштан ашса, жылкысы 1 үйүр болсо алыскы чон жайлоого көчүрүлсүн.
    4. Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы өз ара келишим баада алынсын. (келишимде 60 сомдон алынсын төлүнө 40 сом малдын башын жоготсо, өлтүрсө төлөп берүү жагы өз ара келишсин).
    5. Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
    6. Ак-Сай, Ыман-Ата, Төө-Басты, Коргон-Дөбө, айылынын жанындагы жайытка бада баккандар, кышкы жайытта короо-сарайлары бар жайыт пайдалануучулар кочуп келип жайытка отурса кара мал, эшек, жылкыга ар бир башына күнүнө 250сом, жандыктын башына күнүнө 50сом айып пул белгиленсин жана көчүрүлсүн.
    7. Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыяны эсептелинип төлөнүп берилсин (түзүлгөн актынын негизинде).

    Айып акы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

    1-иретте бир баш кара малга, жылкыга 50с, жандык 5 сом,

    2-иретте бир баш кара малга, жылкыга 200с, жандык 50 с, эшек 300с

    Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин.

       40 пайызы айдап келген караулга, 40 пайызы караулга,

       20 пайызы ар түрдүү чыгымдарга.

    1. Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана депортаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.

    а)Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга ветеринардык кодекстин  негизинде айып салынсын.

     

    1. Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо (жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды желгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖП бирикмесине милдеттендирилсин.
    2. Суу мурап акысы суу пайдалануучулар менен суу мураптын ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлсүн 70, 100сом.
    1. Токтомдун аткарылышына айыл өкмөтүнүн жер адиси                          А. Алымкуловго, вет адис А. Сартаев, айыл башчылары: Д. Шакыевге, Н. Смаиловго, О. Эшкаравге, С. Үрүсбаевге Ж.Кнын төрагасы М. Чокоевге милдеттендирилсин.
    2. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу уч. Инспектор Ж. Досалиевге милдеттендирилсин.
    3. Токтомдун аткарылышын жалпы көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык туруктуу комисииясынын төрагасы Н.Акматовго жана анын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
    4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
    5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловко милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.


    shapka

    29.03.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

    VIII-сессиясы

    ТОКТОМ №3

    «Ак-Суу айыл аймагындагы айыл чарба, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө комиссия түзүү жөнүндө»

    Ак-Суу айыл аймагындагы айыл чарба, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө комиссия түзүү жөнүндө жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана  талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагындагы айыл чарба, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага (аукцион менен) берүү жөнүндөтөмөндөгүдөй комиссинын курамы бекитилсин:

         Н. Акматов — айылдык кенештин депутаты, төрага

    А. Алымкулов – айыл өкмөтүнүн жер адиси, катчысы

    У. Качыбеков – айыл өкмөтүнүн башчысы, мүчөсү

    К. Төрөкулов – айылдык кенештин депутаты, мүчөсү

    С. Мамытов — айылдык кенештин депутаты, мүчөсү

    Т. Добулбеков — айылдык кенештин депутаты, мүчөсү

    К. Мусабаев – кассир-бухгалтер, мүчөсү

    Б. Кадыркулов – айыл өкмөтүнүн  соц. адиси, мүчөсү

    Т. Таберикова — айыл өкмөтүнүн  статисти, мүчөсү.

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага (аукцион менен) берүүнү(Ортонку – Жон  жана  Жалпактын-Бели) аткаруу жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.


    shapka

    29.03.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

    VIII-сессиясы

    ТОКТОМ №4

    “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Нан-Жатыр” участкасындагы 4га бакты арендага берүүдө комиссия түзүү  жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Нан-Жатыр” участкасындагы 4га бакты арендага берүүдө комиссия түзүүжөнүндө жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана  талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Нан-Жатыр” участкасындагы 4га бакты арендага берүү жөнүндөтөмөндөгүдөй комиссия бекитилсин:

    Т. Добулбеков — айылдык кенештин депутаты, төрага

    А. Алымкулов – айыл өкмөтүнүн жер адиси,мүчөсү

    К. Төрөкулов – айылдык кенештин депутаты, мүчөсү

    Д. Шадыканов  — айылдык кенештин депутаты, мүчөсү

    М. Чокоев –айылдык кенештин депутаты, мүчөсү

    М. Жүнүзалиев – айылдык кенештин депутаты, мүчөсү

    Р. Ыманкулов — айылдык кенештин депутаты, мүчөсү.

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Нан-Жатыр” участкасындагы 4га бакты арендага берүү, күзгү түшүмгө чейин көзөмөл жүргүзүү комиссия мүчөлөрүнө милдетендирилсин.
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин агрардык комиссянын төрагасы Н. Акматовго милдеттендирилсин.
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.


    shapka

    29.03.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

    VIII-сессиясы

    ТОКТОМ №5

    “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансасындагы фронталдык погрузчиктин иштөө акысын белгилеп берүү  жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансасындагы фронталдык погрузчиктин иштөө акысын белгилеп берүү жөнүндө жер адиси А. Алымкуловтун билдирүүсүн угуп жана  талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансасындагы фронталдык погрузчиктин иштөө акысы: айыл аймагынан сыртка иштетүүгө бардыгы — 20 000 сом, (ремонту, соляркасы ичинде) айыл аймагында — 2000сом акча төлөө жагы бекитилсин
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн фронталдык погрузчикти грейдерди, тракторду иштетүүдөн түшкөн акча каражатынын 20% айыл өкмөтүнүн киреше булагына чегерилсин.
    3. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн фронталдык погрузчикти, грейдерди, тракторду көзөмөлдөп иштетүү К. Камчыбековко милдеттендирилсин.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер адиси А. Алымкуловго, ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К. Мусабаевге жана Ак-Суу айылдык кенешинин агрардык комиссянын төрагасы Н. Акматовко милдеттендирилсин.
    5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.


    shapka

    29.03.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин   

    VII–чакырылышынынVIII-сессиясы

    ТОКТОМ №6

    “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну иштетүү жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну иштетүү жөнүндө жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана  талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;

     ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну бухгалтерияга тапшырган проектинин негизинде иштетүү сууну пайдаланган атуулдарга эскертилсин.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну ондоо, санитардык гигиеналык абалын кароого кеткен чыгымдары үчүн 1 айга 25 сом жылына 300 сом, сууну үйүнө тартып алган атуулдар үчүн 1 айга 1000 сом жылына 12 000 сом акча каражатын төлөө жагы бекитилсин.
    3. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү таза суунун иштөөсү боюнча кайрадан жанданырылсын, аткаруу жагы Т. Култаевге милдеттендирилсин.
    4. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну иштетүү, аткаруу, көзөмөлдөө айыл башчылары: Д. Шакыевге, Н. Смаиловго, О. Эшкаравге, С. Үрүсбаевге жана керектелүүчү(түтүкчөдөгү) суунунун жетекчиси Т. Култаевге милдеттендирилсин.
    5. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы калк пайдаланып жаткан керектелүүчү (түтүкчөдөгү) сууну иштетүүдө тартип бузган атуулдарга административдик кодекстин негизинде чаралар көрүү аймактык тескөөчү Ж. Досалиевге милдеттендирилсин.
    6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.


    shapka

    29.03.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

    VIII-сессиясы

    ТОКТОМ №7

    “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу, айлана чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо боюнча тиричилик калдыктарын (мусор) көмүү  жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу, айлана чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо боюнчатиричилик калдыктарын (мусор) көмүү  жөнүндө жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана  талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы айлана чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо боюнча катуутиричилик калдыктарын (мусор) көмүү үчүн 4 айылга таштанды полигонунун, үкөктөрүнүн, жерлерин аныктоо, мыйзам ченемдүү ажыратып берүү жер адиси А. Алымкуловго милдетендирилсин.
    2. Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жок кылуу боюнча ар бир мекеме  ишканаларда, соода түйүндөрүндө таштанды үкөктөрүнүн коюлушу мектеп директорлору: А. Акишов, Т. Буйлашов, ҮТДнын жетекчиси Б. Жумабеков, аймактык оруукананынжетекчиси Н. Шадыбеков, айылдык ФАПтын жетекчилери Р. Асылбекова, С. Мырзалиев, А. Чойбекова, маданият үйүнүн жетекчилери А. Мырзалиева, У. Наркулова, соода түйүндөрүнүн кызматкерлеринен милдеттендирилсин.
    3. Айылдын борбордук бөлүгүндөгү соода түйүндөрүнүн ээлерине
    • Дарчибаев Ө.
    • Токтосунов Т.
    • Садырова С.
    • Шакиев Ж. (АЗС, соода түйүнү)
    • Шакиев М.
    • Бабаназарова Д.
    • Төрөкулов К.
    • Нарбаев Б.
    • Шадыканов А.
    • Досоева Х. (соода түйүнү, кафе)
    • Бокоева Н. (аптека)

    эшиктин алдына таштанды таштоого үкөкчөлөрдү орнотуу, таштандыларды ташып чыгуу (эски өлүк канага) жагы милдеттендирилсин.

     

    1. Жогорудагы талаптарды аткарбаган атуулдарга санитардык жобонун негизинде айып салынары эскертилсин.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл арасындагы айлана чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо боюнча аткарылган жумуштарды көзөмөлөө айылдык кенештин туруктуу комиссиянын төрагасы С. Мамытовго милдеттендирилсин.
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.


     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.


    shapka

    29.03.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

    VIII-сессиясы

    ТОКТОМ №8

    “ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан убактылуу пайдаланууга 3,13 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө”

    Ак-Суу айыл аймагындагы “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 9 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Мурат Компани”  ишканасынын жазган арызы боюнча  туруктуу комиссиясын угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Мурат Компани” ишканасына убактылуу пайдаланууга “Разрез Кара-Суу №3” участкасынан 3,13 га жер аянтыбекитилип берилсин.
    1. Коомдук угуулар өткөрүлсүн, Ак-Суу айыл өкмөтү менен жердин ижара келишими жана соц.пакет бекитилсин жана башка мыйзам ченемдүү иш-чаралар аткарылсын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго  милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын

                                                орун басары:                                    К. Төрөкулов


    shapka

    29.03.2018-жыл.                                                                  Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин    VII–чакырылышынын

    VIII-сессиясы

    ТОКТОМ №9

    “Ак-Суу айыл аймагына караштуу “Төө-Басты, Кум-Булун, Мор-Булак” айылдарына статус берүү жөнүндө чек арасынын план картасын чийүүгө карата  акча каражатын бөлүү жөнүндө”

     Ак-Суу айыл аймагына караштуу “Төө-Басты, Кум-Булун, Мор-Булак” айылдарына статус берүү жөнүндө чек арасынын план картасын чийүүгө карата  акча каражатын бөлүү жөнүндө туруктуу комиссиясын угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагына караштуу “Төө-Басты, Кум-Булун, Мор-Булак” айылдарына статус берүү жөнүндө чек арасынын план картасын чийүүгө карата 91 571 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
    2. Ак-Суу айыл аймагына караштуу “Төө-Басты, Кум-Булун, Мор-Булак” айылдарына статус берүү жөнүндө чек арасынын план картасын чийүүгө карата 91 571 сом акча каражатын бөлүп берүү ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К. Мусабаеге милдеттендирилсин.
    3. Токтомдун аткарылышын жалпы көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык туруктуу комисииясынын төрагасы Д. Шадыкановго жана анын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.

     

     

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                        Т. Эшалиев.