• 27Дек

    shapka

    12.12.2018-жыл.                                                                                          Ак-Суу айылы.                 

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХI сессиясы

    ТОКТОМ №1 

                “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 03.12.2018-жылдагы №01-25/443 сандуу катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө”

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 03.12.2018-жылдагы №01-25/443 сандуу катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  жооптуу катчысы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жобосу бекитилсин.
    1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн комиссиянын курамы 7 (жети) адамдан түзүлсүн.

                                                                                                     (комиссиянын курамы тиркелет)

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.                                                            
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:                                                           Т.Эшалиев.

    тиркеме

    shapka

    12.12.2018-жыл.                                                                                                Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХI сессиясы

      ТОКТОМ №2

                 “Ак-Суу айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу,  2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө ”

    Ак-Суу айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу,  2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу,  2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдору Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинин,19-беренесинин талаптарына каршы келгендиктен жокко чыгарылсын.  
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:                                                           Т.Эшалиев.

    shapka

    12.12.2018-жыл.                                                                                            Ак-Суу айылы.             

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХI сессиясы

    ТОКТОМ №3

                 “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жөнүндө”

                Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасынын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору 10397500 сом болуп бекитилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча комитетинин төрагасы Д. Шадыкановго милдеттендирилсин.

       Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:                                                           Т.Эшалиев.

    shapka

    12.12.2018-жыл.                                                                                               Ак-Суу айылы.             

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХI сессиясы

                                                ТОКТОМ №4

                 “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевдин 2018-жылы түзүлгөн бюджеттик түзүмүнө өзгөртүү киргизүү  жөнүндө”

                Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевдин 2018-жылы түзүлгөн бюджеттик түзүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн чыгашалар бөлүмүнүн 70111 бөлүмчөсүнүн 2222 беренесинен 2211 беренесине 50000(элүү миң) сом, 70629 бөлүмчөсүнүн 2215 беренесинен 2222 беренесине 20000(жыйырма миң) сом акча каражаты которууга алынсын.
    1. Жогорудагы 70000 (жетимиш миң) сом акча каражаттарын бөлүмдөн бөлүмгө, беренеден беренеге которуу жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.                                                   
    2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча комитетинин төрагасы Д. Шадыкановго милдеттендирилсин.

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:                                                           Т.Эшалиев. 

    shapka

    12.12.2018-жыл.                                                                                                Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХI сессиясы

     ТОКТОМ №5.

                 “Ак-Суу айылынын уулу-жазуучу, акын, котормочу жана “Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамынын “Эмгек ардагери”,  “Эмгек каармандыгы” медалдарынын ээси Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке (Ильгиз Талипке) Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жана акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө ”

     Ак-Суу айылынын уулу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу, акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылынын уулу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
    1. Жазуучу, акын, котормочу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке 10000 сом акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.