12.12.2018-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХI сессиясы
ТОКТОМ №1
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 03.12.2018-жылдагы №01-25/443 сандуу катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 03.12.2018-жылдагы №01-25/443 сандуу катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жобосу бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн комиссиянын курамы 7 (жети) адамдан түзүлсүн.
(комиссиянын курамы тиркелет)
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: Т.Эшалиев.
12.12.2018-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХI сессиясы
ТОКТОМ №2
“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу, 2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө ”
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу, 2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу, 2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдору Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинин,19-беренесинин талаптарына каршы келгендиктен жокко чыгарылсын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: Т.Эшалиев.
12.12.2018-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХI сессиясы
ТОКТОМ №3
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору 10397500 сом болуп бекитилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча комитетинин төрагасы Д. Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: Т.Эшалиев.
12.12.2018-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХI сессиясы
ТОКТОМ №4
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевдин 2018-жылы түзүлгөн бюджеттик түзүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевдин 2018-жылы түзүлгөн бюджеттик түзүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн чыгашалар бөлүмүнүн 70111 бөлүмчөсүнүн 2222 беренесинен 2211 беренесине 50000(элүү миң) сом, 70629 бөлүмчөсүнүн 2215 беренесинен 2222 беренесине 20000(жыйырма миң) сом акча каражаты которууга алынсын.
- Жогорудагы 70000 (жетимиш миң) сом акча каражаттарын бөлүмдөн бөлүмгө, беренеден беренеге которуу жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча комитетинин төрагасы Д. Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: Т.Эшалиев.
12.12.2018-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХI сессиясы
ТОКТОМ №5.
“Ак-Суу айылынын уулу-жазуучу, акын, котормочу жана “Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамынын “Эмгек ардагери”, “Эмгек каармандыгы” медалдарынын ээси Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке (Ильгиз Талипке) Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жана акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө ”
Ак-Суу айылынын уулу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу, акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айылынын уулу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Жазуучу, акын, котормочу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке 10000 сом акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.