12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/1.
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуу жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы “канааттандырарлык” деп табылсын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев
12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/2.
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2021-жылга болжолдуу долбоору жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2021-жылга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө, финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткрылышы жөнүндө ФЭБ башчысынын отчёту “канааттандырарлык” деп табылсын.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешесинин көлөмү 4815,0 (төрт миллион сегиз жүз он беш миң) сом, анын ичинен атайын каражат 562,5 ( беш жүз алтымыш эки миң беш жүз) сом, теңдөөчү грант 6629,2 (алты миллион алты жүз жыйырма тогуз миң эки жүз) сом, жайыт пайдалануучулардан түшүүчү киреше 242,3 (эки жүз кырк эки миң үч жүз) сом, жалпы 11686,5 (он бир миллион алты жүз сексен алты миң беш жүз) суммасында (№1 тиркемеге ылайык) бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана трансферттеринин көлөмү (№2 тиркемеге ылайык) келтирилсин, өздүк бекитилген киреше мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү 11686,5 (он бир млн.алты жүз сексен алты миң беш жүз) сом (№3 тикемеге ылайык) бекитилсин.
- 2019-жылы пайдаланылбай калган 3623241 (үч млн. алты жүз жыйырма үч миң эки жүз кырк бир) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына чыгымдоо жагы каралсын. (№4 тиркеме тиркелет)
- 2019-жылдын атайын каражатындагы пайдаланылбай калган 14950 (он төрт миң тогуз жүз элүү) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн түрдүү чыгымдары үчүн жумшалсын. (№4 тиркемеге негиз)
- Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге (айлык акы, соц. фонд, тамак аш, көмүр, байланыш, электр энергиясына) калган суммасы башка түрдүү беренелерге жумшалсын.
- Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн.
- “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жалпы жалпы жылдык бюджеттин 1пайыз өлчөмүндө 116000 (бир жүз он алты миң) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фонду түзүлсүн.
- Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кеңешке сунуш берүү жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
- Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткаруу айыл өкмөтүнүн салык инспекторуна милдеттендирилсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомуна негиз айыл өкмөттүн 2(эки) айыл башчысынын ордуна 4 (төрт) айыл башчы, жарым ставка менен 2 (эки) кызматкер аскердик учетко алууга, айлык акылары жетектөөчү адистин айлык акысынын деңгээлинде каралып бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жыл башына 2020-жылга жүгүртүлүүчү накталайакча каражаты 200000,0 (эки жүз) миң сом өлчөмүндө пайдаланылбай калган калган акча каражатынын эсебинен бекитилсин.
- Жогорудагы аныкталып бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетине билдирүү берип туруу жагы финансы экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго жана финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
№1 тиркеме №2 тиркеме №3 тиркеме №4 тиркеме
Төрага: С.Барпиев.
12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ №1/3.
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы У.Качыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга аткарыла турган иш планы бекитилсин.
(тиркеме тиркелет).
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ №2/1.
“ Ак-Суу ЖКнин 2019-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2020-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу ЖКнин 2019-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2020-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө ЖКнин төрагасы Э.Жоробековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу ЖКнин 2019-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
- Ак-Суу ЖКнин 2020-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү (1-тиркемеге) ылайык бекитилсин.
(1-тиркеме тиркелет)
- Ак-Суу ЖКнин жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун 2020-жылга карата жылдык иш планы бекитилсин. (2-тиркеме тиркелет).
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ №2/2.
“ Ак-Суу ЖКнин төрагасы Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө”
Ак-Суу ЖКнин төрагасы Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу ЖКнин 2020-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап чыгып:
1 баш кара мал, жылкы, үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент), бир жаштагы кара мал үчүн 1 жылга 45 сом (0,7 коэффициент), 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 13 сом (0,2 коэффициент) бекитилсин.
- Башка айыл өкмөттөрдөн, район, шаарлардан келген мал жандыктарын Ак-Суу ЖКнин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жогорудагы берилген коэффициент 1,5 ( бир жарым) эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/1.
“Ак-Суу айыл аймагындагы №2342 Коргон-Дөбө жана №2343 Ак-Суу шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагындагы №2342 Коргон-Дөбө жана №2343 Ак-Суу шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы №2342 Коргон-Дөбө жана №2343 Ак-Суу шайлоо участкаларындагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1 тиркеме, №2 тиркеме тиркелет).
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ №3/2.
“ Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгын жана дүкөн, күркө, соода уюмдардын,кен казуу багытындагы ишканалардын салыктарын К-1 коэффициентине көтөрүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгын жана дүкөн, күркө, соода уюмдардын,кен казуу багытындагы ишканалардын салыктарын К-1 коэффициентине көтөрүү жөнүндө салыкчы Ч.Жуманазаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгы пенсионерлердин жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 15(он беш) сотухтан ашкан жерлерине салык төгүү эскертилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге К-1 коэффициенти бекитилип берилсин. (дүкөн, күркө, соода уюмдары, кен казуу багытындагы мекеме ишканалар).
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/3.
“Ак-Сай айылынын тургуну Б.Дүйшебаевдин арызын кароо жөнүндө ”
Ак-Сай айылынын тургуну Б.Дүйшебаевдин №21 “Таң-Шооласы” балдар бакчасына Дүйшебаева Бүбайымдын ысымын ыйгарып берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- №21 “Таң-Шооласы” балдар бакчасына Дүйшебаева Бүбайымдын ысымы ыйгарылсын.
- Мындан ары Дүйшебаева Бүбайым атындагы №21 “Таң-Шооласы” балдар бакчасы деп аталсын.
- Юстиция башкармалыгынан каттатып келүүгө кеткен чыгымдары Б. Дүйшебаевге жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/4.
“Коргон-Дөбө айылынын тургуну Боталиев Жанаттын арызын кароо жөнүндө”
Коргон-Дөбө айылынын Суук-Башат көчөсүнө Боталиев Алимбектин ысымын ыйгарып берүү жөнүндө жооптуу катчы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Коргон-Дөбө айылынын Суук-Башат көчөсүнө Боталиев Алимбектин ысымын ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-октябрь 2017-жылдагы №690-токтомунун 10-пункутуна негиз, токтотуп туруу жагы белгиленсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/5.
“Жер конушка жерди трансформациялоо жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагында жер конушка кезекке турган атуулдардарга Ортоңку-Жон, Жол-Колот, Мор-Булак, Сары-Жайык, Жалпактын бели, Восточныйдан жер конушка жерди трансформациялоо жөнүндө жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы Ортоңку-Жон, Жол-Колот, Мор-Булак, Сары-Жайык, Жалпактын бели, Восточный участкаларын тиешелүү мамлекеттик органдар менен тактап, мыйзам ченемдүү жер конушка трансформациялоого даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/6.
“Тех. сервистин жерин тактоо жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагындагы эски гараждын жерин тактоо жөнүндө жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы эски гараждын жерин мыйзам ченемдүү тактап, тех. сервиске ажыратып берүү жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
12.02.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХVII сессиясы
ТОКТОМ №3/7.
“Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга иш планын бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин төрагасы С.Барпиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)