24.12.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1.
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-2022-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2021-2022-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмдөрүнүн болжолдуу долбоору 2020-жылдагы жыйналуучу салыктардын жана жыйымдардын маалыматына негиз бекитилсин.
(тиркеме тиркелет).
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрү салыктын кирешелерге жана бөлүнгөн трансферттерге негиз чыгымдоого алынсын.
(тиркеме тиркелет)
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүмүнүн болжолдуу долбоору жыйналуучу салыктардын жана жыйымдардын маалыматына негиз бекитилсин.
(тиркеме тиркелет)
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
24.12.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/2.
“Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кабыл алуу жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылдын декабрь айында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата Республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 200000 (эки жүз миң) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кабыл алуу жөнүндө ФЭБ башчысы Э. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылдын декабрь айында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата Республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 200000 (эки жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине кабыл алынсын.
- Жогоруда бөлүнүп берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн 2215 түрдүү чыгымдарга отургузуу менен 2020-жылда аткарылуучу проектилерди каржылоого макулдук берилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
24.12.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2.
“ Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берүү жөнүндө”
Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин финансы жана бюджет комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө”токтомуна ылайык Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
24.12.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2/1.
“ Келишимди бекитип берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Ак-Суу айылдык кеңеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору М.К.Пратова жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.М.Качыбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен түзүлгөн келишим бекитилсин.
- Жогоруда токтомду аткаруу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев
24.12.2019-жыл. Ак-Суу айылы. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/1.
“ Мекемени кайра каттоо жөнүндө”
КРнын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, КРнын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, КРнын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө”, жана КРнын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Ак-Суу айылдык Кеңешинин Регламентин талкуулоонун негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Ак-Суу айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн. (мындан ары мекеме).
Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Айылный кенеш” Ак-Сууйского айылного аймака”.
- Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Ак-Суу айылы, С.Добулбеков көчөсү, үй №3.
- Ак-Суу айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын,о. э. мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү малекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
Төрага: С.Барпиев.
24.12.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/2.
“ЖЧК “ Болсун групп” ишканасынын Көк-Кыя участкасындагы №6376СЕ лицензиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү жөнүндө”
ЖЧК “ Болсун групп” ишканасынын Көк-Кыя участкасындагы №6376СЕ лицензиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү жөнүндө жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- ЖЧК “ Болсун групп” ишканасынын Көк-Кыя участкасындагы №6376СЕ лицензиясынын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү, М.Кайдалиевдин менен болгон талаш жери чечилгенге чейин ишмердүүлүгүн токтотуп туруу жагы белгиленсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
24.12.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/3.
“ЖЧК “ Нар-Таш ” ишканасынын арызын кароо жөнүндө”
ЖЧК “Нар-Таш” ишканасынын Кара-Суу суусунун түштүк батыш тарабынан жумушчулар эс алып, вахтадагылар жашоого жай салуу үчүн сурулган жери жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- ЖЧК “Нар-Таш” ишканасынын Кара-Суу суусунун түштүк батыш тарабынан жумушчулар эс алып, вахтадагылар жашоого жай салуу үчүн сурулган жерине макулдук берилсин.
- Кара-Суу суусунун түштүк батыш тарабынан жумушчулар эс алып, вахтадагылар жашоого жай салуу үчүн сурулган 2 га жер тилкесин мыйзам ченемдүү бөлүп берүү, транформациялоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
24.12.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/4.
Коргон-Дөбө айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө”
Коргон-Дөбө айылынын тургундарынын бала бакча маселесин чечип берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Коргон-Дөбө айылындагы Ф-14 китепканасы жайгашкан турак жайды бала бакчасына берүүгө макулдук берилсин.
- Коргон-Дөбө айылындагы Ф-14 китепканасы жайгашкан турак жайды бала бакчасына берүүгө керектүү иш кагаздарын мыйзам ченемдүү даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев
24.12.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/5.
Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин арызын кароо жөнүндө”
Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы “Үгүт-насыят” үйүндөгү бака теректерди кыркып, мечитке курула турган дааратканага иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Үгүт-насыят” үйүндөгү бака теректерди кыркууга макулдук берилсин.
- “Үгүт-насыят” үйүндөгү бака теректерди кыркууда мыйзам ченемдүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев
24.12.2019-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/6.
Ак-Суу айылынын тургундары Ж.Камчыбековдун жана Н.Ташкулованын арызын кароо жөнүндө”
Ак-Суу айылынын тургундары Ж.Камчыбековдун жана Н.Ташкулованын арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айылынын тургундары Ж.Камчыбековдун жана Н.Ташкулованын арызында көрсөтүлгөн жер талаштуу болгондуктан, мыйзам ченемдүү карап чечүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана жер адиси А.Алымкуловго жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев