• 04Фев

    ТОКТОМ
    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/40 токтому

    2021-жылдын 17-ноябры                                                                                       Ак-Суу айылы

    Ак-Суу – Майлуу-Сай автожолу жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагындагы Майлуу-Сай – Ак-Суу автожолун тейлөөнү жана камсыздоону айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жана Ак-Суу айылына Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу ишкана түптөө жагы каралсын.
    2. Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
    5. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.

    Төрага:                                                                                М.О. Сооронбаев

  • 04Фев

    ТОКТОМ
    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/39 токтому

    2021-жылдын 17-ноябры                                                                                       Ак-Суу айылы

    Алкоголдук ичимдиктерди сатууну тескөө жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынынын бардык бөлүгүндө алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын.
    2. Алкоголдук ичимдиктерди сатууга лицензиясы бар соода түйүндөрүндө саат 10:00-16:00 аралыгында гана сатып алуучулардын инсандыгын ырастаган документтерин текшерип, каттоого алуу менен сатууга уруксат берилсин.
    3. Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
    6. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

    Төрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

  • 04Фев

    ТОКТОМ
    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/38 токтому

    2021-жылдын 17-ноябры                                                                                       Ак-Суу айылы

    Жер участогун алуучулардын кезегине коюу жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Жер участогун алууга арыз менен кайрылган төмөнкү жарандар:

    -Акишов Айбек;

    -Полотова Жазгүл;

    -Момунбеков Мунарбек;

    -Жайлообек кызы Жазгүл;

    -Кулуева Замира;

    -Джуманазаров Мирбек;

    -Жолдошбаев Нурбек;

    -Бактыбаев Баяман;

    -Тажибаев Нурсултан;

    -Эшеналиева Кундузай;

    -Атанаев Мирбек;

    -Эркинбек уулу Марислан;

    -Жоробеков Тилек;

    -Алимжан уулу Мекембай;

    -Добулбеков Нургазы;

    -Тойгонбай уулу Турат;

    -Төрөкулов Мунарбек;

    -Акылбаев Шералы;

    -Омор уулу Арлен;

    -Самаган уулу Мирлан;

    -Асан уулу Нуркан;

    -Асан уулу Нурсултан;

    -Тургунов Хусейин – айыл аймагынан жер участок алуучулардын кезек китебине катталсын.

    2. Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

    3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет; 4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.

    5. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

  • 04Фев

    ТОКТОМ
    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/37 токтому

    2021-жылдын 17-ноябры                                                                                       Ак-Суу айылы

    Турак жай куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1.  Анарбеков Муратбекке турак жай салуу үчүн айыл аймагынан тиешелүү бош жерден жер участогу бөлүнүп берилсин.
    2. Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
    5. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.

    Төрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

  • 04Фев

    ТОКТОМ
    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/36 токтому

    2021-жылдын 17-ноябры                                                                                       Ак-Суу айылы

    Чайкананы ижарага берүү жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1.  Шаршеналы уулу Мадаминбекке борбордук мечиттин жанындагы чайкана өз багытын өзгөртпөстөн иштетүү шарты менен ижарага берилсин.
    2. Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
    5. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн.

    Төрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

« Предыдущая страница