• 04Фев

    ТОКТОМ
    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/39 токтому

    2021-жылдын 17-ноябры                                                                                       Ак-Суу айылы

    Алкоголдук ичимдиктерди сатууну тескөө жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынынын бардык бөлүгүндө алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын.
    2. Алкоголдук ичимдиктерди сатууга лицензиясы бар соода түйүндөрүндө саат 10:00-16:00 аралыгында гана сатып алуучулардын инсандыгын ырастаган документтерин текшерип, каттоого алуу менен сатууга уруксат берилсин.
    3. Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
    6. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

    Төрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 12:16