Ак-Суу айылы Бозбү тоонун түштүк этегинде жайгашат.
Жалпы аянты - 31034 га.
Калктын саны - 6070 адам.
Бишкек шаарынан алыстыгы - 560 км.
Деңиз денгеээлинен бийиктиги - 1050 м.
Ак-Суу айыл аймагынын
айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/30 токтому
2021-жылдын 17-ноябры Ак-Суу айылы
Мор-Булак айылынын тургундарынын жер салыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын
34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана
талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Мор-Булак айылынын тургундарынын үлүш жерлеринин Кызыл-Жар айыл аймагына тиешелүү бөлүгүндөгү жер салыгын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн эсебине төгүүгө райондук атайын комиссиянын корутундусунан кийин макулдук берилсин.
Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн.
Ак-Суу айыл аймагынын
айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/29 токтому
2021-жылдын 17-ноябры Ак-Суу айылы
П.Жабайкуловдун арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын
34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана
талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жабайкулов Панарбек аттуу жарандын “Убойный цех иштетүү үчүн” жер сурап кайрылган арызы комиссиялык топтун корутундусуна ылайык чечилсин.
Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн.
Ак-Суу айыл аймагынын
айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/28 токтому
2021-жылдын 17-ноябры Ак-Суу айылы
Ижарага жер сурап кайрылган жарандардын арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын
34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана
талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Таш-Көмүр шаарынын тургундары:
Атабекова Гүлбара;
Жабайкулов Байыш;
Кыдыров Бурканбек;
Токтогулов Абдымырза;
Мырзабеков Абдымалик аттуу жарандардын Ак-Суу айыл аймагынан жер алып иштетүү тууралуу арызы “Канааттандырылган жок” деп табылсын.
Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Ушул
токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
Аталган
токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага
милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.
Ак-Суу айыл аймагынын
айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/27 токтому
2021-жылдын 17-ноябры Ак-Суу айылы
С.Нарбаевдин арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын
34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана
талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Нарбаев Султан аттуу жарандын “Беш-Арыктын алды жагынан ижарага жер алуу жөнүндө” арызы “Канааттандырылган жок” деп табылсын.
Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.
Ак-Суу айыл аймагынын
айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/26 токтому
2021-жылдын 17-ноябры Ак-Суу айылы
М.Шакенова жана Т.Асакееванын арыздары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын
34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана
талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Борбордук бөлүктөгү соода дүкөндөрүнүн ээлери Асакеева Топчугүл жана Шакенова Миргүл аттуу жарандардын “Дүкөндүн артындагы жерди менчиктештирип кошуп алуу жөнүндө” арызы “Канааттандырылган жок” деп табылсын.