• 04Фев

    ТОКТОМ
    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/28 токтому

    2021-жылдын 17-ноябры                                                                                       Ак-Суу айылы

    Ижарага жер сурап кайрылган жарандардын арызын кароо жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Таш-Көмүр шаарынын тургундары:
    • Атабекова Гүлбара;
    • Жабайкулов Байыш;
    • Кыдыров Бурканбек;
    • Токтогулов Абдымырза;
    • Мырзабеков Абдымалик аттуу жарандардын Ак-Суу айыл аймагынан жер алып иштетүү тууралуу арызы “Канааттандырылган жок” деп табылсын.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    • Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.

    Төрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 11:24