ТОКТОМ №1
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
18.03.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн агрардык маселелери жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын жер участокторунун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 6-7-12 беренелерине ылайык жана “Бийкомпакт” ЖЧКсынын директору Т.Садабаевтин кайрылуусуна негиз туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген “Бийкомпакт”ЖЧКсына 2013-жылдын 30-июлундагы № 3310 А Е жер казынасын пайдалануу укугуна ээлик кылган лицензиясына негиз Көк-Кыя участкасындагы жалпы аянты 60га жайыт жерди трансформациялоого макулдук берилсин.
- Бөлүнгөн жерди мыйзамга ылайык трансформациялоо Аксы райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
- Бул токтомдун аткарылышын түзүлгөн комиссиянын курамына кирген айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкулов милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов
ТОКТОМ №2
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
18.03.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айылынын Б. Мусабаев көчөсүндөгү №21
«Тан-Шооласы» мектепке чейинки билим берүү
уюмунун жер аянтын бекитип берүү жөнүндө.
Ак-Суу айылынын Б. Мусабаев көчөсүндөгү №21 «Тан-Шооласы» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жер аянтын бекитип берүү жөнүндө жер адис А. Алымкуловдун кайрылуусуна негиз туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы Б. Мусабаев көчөсүндөгү №21 «Тан-Шооласы» мектепке чейинки билим берүү уюмунуна 2869 м2 жер аянты бекитилип берилсин.
- Бөлүнгөн 2869м2 жер аянты жерди мыйзамга ылайык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
- Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов
ТОКТОМ №3
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
18.03.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагынын жайыт эсебинде турган “Кум-Булун”
участкасынан жалпы аянты 35,0 га жакынкы жайыт жерди
калктуу конуш котегориясына которуу жөнүндө.
Ак-Суу айыл аймагынын жайыт эсебинде турган “Кум-Булун” участкасынан жалпы аянты 35,0 га жакынкы жайыт жерди калктуу конуш котегориясына которуу жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын жайыт эсебинде турган “Кум-Булун” участкасынан жалпы аянты 35,0 га жакынкы жайыт жерди калктуу конуш котегориясына которуу жана трансформациялоого макулдук берилсин.
- Бөлүнгөн жерди мыйзамга ылайык калктуу конуш котегориясына которуу жана трансформациялоо Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов
ТОКТОМ №3/1
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
18.03.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу
конуш эсебиндеги өсүш жерден турак жай салуу
үчүн жер тилкелерин калктуу конуш
котегориясына которуу жөнүндө;
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуш эсебиндеги өсүш жерден турак жай салуу үчүн жер тилкелерин калктуу конуш котегориясына которуу жөнүндө айыл өкмөүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуш эсебиндеги өсүш жерден турак жай салуу үчүн жер тилкелерин калктуу конуш котегориясына которууга макулдук берилсин.
- Бөлүнгөн жерди мыйзамга ылайык калктуу конуш котегориясына которуу жана трансформациялоо Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов
ТОКТОМ №4
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
18.03.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылынын
Бел-Өрүк участкасынын жашоочу тургундарынын
атынан К. Шеркулов атындагы орто мектепте
20 жылга жакын эмгектенген Абдесбаев
Маматкеримдин атын көчөгө коюу жөнүндө.
Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылынын Бел-Өрүк участкасынын жашоочу тургундарынын атынан К. Шеркулов атындагы орто мектепте 20 жылга жакын эмгектенген Абдесбаев Маматкеримдин атын көчөгө коюу жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Мамытовдун билдирүүсүн угуп, Ак- Суу айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылынын Бел-Өрүк участкасынын көчөсүнө К. Шеркулов атындагы орто мектепте 20 жылга жакын эмгектенген, эмгеги синген Абдесбаев Маматкеримдин аты коюлсун.
- Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрагасы С.Мамытовго милдеттендирилсин.