ТОКТОМ №21/1
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын ХХI-сессиясы
18.04.2016-жыл. Ак-Суу айылы
«Ак-Суу айыл өкмөтунүн башчысы У.Качыбековдун 2015-жыл
ичиндеги аткарган жумуштарынын отчету жөнүндө»
«Ак-Суу айыл өкмөтунүн башчысы У.Качыбековдун 2015-жыл ичиндеги аткарган жумуштарынын отчету жөнүндө» туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Качыбеков Улукбек Мамытбековичтин 2015-жыл ичинде аткарган иши “канааттандырарлык” деп баалансын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Н.Балтабаевге милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.
ТОКТОМ №21/2
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын ХХI-сессиясы
18.04.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагындагы Аксы токой чарбасынын башкы токойчусу
А.Карабаевдин 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары жөнүндөгү маалыматы.
Ак-Суу айыл аймагындагы Аксы токой чарбасынын жетекчиси А.Карабаевдин 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары жөнүндөгү маалыматы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы Аксы токой чарбасынын башкы токойчусу А.Карабаевдин 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары жөнүндөгү маалыматы кабыл алынсын.
- Жайлоого көчүү жолдорун, булактарды тазалоо, Кичи –Жайлак жайлоосуна чыккан малды чектөө, жангак токойун туура бөлүштүрүү жагы Аксы токой чарбасынын башкармалыгына милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.
ТОКТОМ №21/3
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын ХХI-сессиясы
18.04.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Суу Электр тармагынын жетекчиси
О.Атакуловдун 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары жөнүндөгү маалыматы.
Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Суу Электр тармагынын жетекчиси О.Атакуловдун 2015-жыл ичинде аткарган жумуштары жөнүндөгү маалыматы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы Ак-Суу Электр тармагынын жетекчиси О.Атакуловдун 2015-жыл ичинде аткарган иши “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
- Мазар, Суук-Башат айылдарындагы трансформаторлорду, электр чубалгыларына ремонт жумуштарын жасоо жагы Ак-Суу Электр тармагынын жетекчиси О.Атакуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Мамытовго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов
ТОКТОМ № 21/4
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын кезексиз ХХ -сессиясы
18.04.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айылдык кенешинин Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына, жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү). Кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берүү акылары, сууга болгон төлөм акыларына белгиленген сунуштар боюнча жерадиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Ак-Суу айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүүакыркы мөөнөтү төмөндөгүдөй белгиленсин:
а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 5-апрелден 15-апрелге чейин аткарылсын (жаратылыш шарты эске алынсын)
б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар5-апрелден 15-апрель аралыгында көчүрүлсүн (жаратылыш шарты эске алынсын)
- Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 25-майдан 15-июнга чейин (жаратылыш шартын эске алуу менен белгиленсин)
а) Бардык малдын түрү ветеринардын эмдөөдөн өтсүн.
б) Тиешелүү ветеринардын документтер менен камсыз болсун.
- Ак-Суу айылынын калкы жашаган конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (аркандалсын, кайтарылсын)
- Ар айда кезүүгө 50 уйга 2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
- Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга кирбесин.
- Бада алган атуулдун малы, кой, эчкиси 200 баштан ашса, уйу 10 баштан ашса, жылкысы 1 үйүр болсо алыскы чон жайлоого көчүрүлсүн.
- Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы өз ара келишим баада алынсын. (келишимде малдын башын жоготсо, өлтүрсө төлөп берүу жагдайлары каралсын)
- Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
- Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыяны атайын уюштурулган камакканага камалып келтирилген зыян эсептелинип төлөнүп берилсин.
Айып акы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
1-иретте бир баш кара малга, жылкыга 200с, жандык 100 с, эшек 300с
2-иретте бир баш кара малга, жылкыга 400с, жандык 200 с, эшек 600с
3-иретте бир баш кара малга, жылкыга 800с, жандык 400 с, эшек 1200с
Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин. (Элдик чогулуштун токтомунун негизинде каралсын)
- Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрү, чөп чабынды көп жылдык чөпкө кайтарууга накталай акча менен же келишим баада бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү жер айдоо, чөп чабуу акылары трактористер менен келишим баада бекитилсин. Көзөмөлдөө жагы жер адиске милдеттендирилсин. (күйүүчү майга болгон баа эске алынсын)
- Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акыларын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин.
- Айыл өкмөтүндөгү муниципиалдык менчиктеги жерлерин чөп чаап пайдаланган атуулдар үчүн жердин ынгайына жараша келишим мене ижарага берилсин. (Чөп чабуучу атуулдар кароолчу шайлап кайтарылсын)
- Суу мурап акысы суу прайдалануучулар менен суу мурабдын ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.
- Сууну туура эмес өз кезегин бузуп, буруп алгандар үчүн жолго суу каптаткан атуулдар үчүн административдик кодекстин негизинде чаралар көрүлсүн.
15,1. Суу түтүктөрүнөн суу пайдаланган атуулдарга айына түтүнгө 20 сомдон акы төлөө белгиленсин. Ар бир суу түтүккө жооптуу адам дайындоо айыл башчыларга жүктөлсүн.
- Айыл аймагындагы калктуу конуштарда санитардык-гигиеналык абалды сактабаган атуулдарга эскертүү берүу менен санэпидстанцияга көзөмөл жүргүзүү жагы билдирилсин.
- Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана депортаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.
а)Ветеринардык эдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга Административдик Кодекстин негизинде айып салынсын.
- Жол жээгиндеги электр зымдарына тийген бак-дарактын шактарын кыркууну эскертүү Ак-Суу электр тармактар ишканасына жүктөлсүн. Электр энергиясы боюнча бак шактарды кыркуу ар бир абонентине жүктөлсүн. Эгерде тартип бузуучу болсо электр тармактар ишканасынын инструкциясынын негизинде чара көрүлсүн.
- Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо (жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды желгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖП бирикмесине милдеттендирилсин.
- Адам, мал, транспорт жүрүүчү жолдорду өз алдынча короолоп алган атуулдарга Административдик Кодекстин негизинде чаралар көрүлсүн.
- Айыл ичиндеги мусорлорду ташып чыгаруу, таштоо мыйзам чегинде аткаруу жагы каралсын. (коммуналдык кызматтын негизинде).
- Токтомдун аткарылышын Айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго, вет адис К. Смаиловго, айыл башчылары: Д. Шакыевге, С. Субаналиевге, О. Эшкаравге, С. Үрүсбаевге Ж.Кнын төрагасы Э. Жоробековго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу уч. Инспектор С. Ташматовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын жалпы көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык туруктуу комисииясынын төрагасы А.Шадыкановго жана анын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Н.Балтабаевге милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.
ТОКТОМ №21/5
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын ХХI-сессиясы
18.04.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагындагы “Үгүт-насаат” үйүн
муниципалдык менчикке калтыруу жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагындагы “Үгүт-насаат” үйүн муниципалдык менчикке калтыруу жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы “Үгүт-насаат” үйү жайгашкан имараты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине калтырылсын.
- Ак-Суу айыл аймагындагы “Үгүт-насаат” үйү жайгашкан имаратты, толук инвентарлары менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу ФЭБ башчысы А.Кожобековго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Мамытовго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.
ТОКТОМ №21/5-1
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын ХХI-сессиясы
18.04.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга киреше бөлүгүндө каралган
“слайт” алууга бөлүнгөн акча каражатын которуу жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга киреше бөлүгүндө каралган “слайт” алууга бөлүнгөн акча каражатын которуу жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга 70111 бөлүкчөсүнөн 31123290 беренесине бөлүнгөн 70,0 (жетимиш мин) сом акча каражатын ушул эле бөлүмүнөн жана беренесине “Суук-Башат” айылына таза суу чыгаруу үчүн суу түтүгүн сатып алууга которулуп берилсин.
- Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы ФЭБ башчысы А.Кожобековго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ө.Камчыбековго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.
ТОКТОМ №21/5-2
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын ХХI-сессиясы
18.04.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга чыгаша бөлүгүндө бекитилген
айыл арасында суу түтүтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн
65065 сом акча каражатынан Балапан-Сай автожолун ондоо үчүн
35000 (отуз беш мин) сом акча каражатын которуп берүү жөнүндө.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга чыгаша бөлүгүндө бекитилген айыл арасында суу түтүтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн 65065 сом акча каражатынан Балапан-Сай автожолун ондоо үчүн 35000 (отуз беш мин) сом акча каражатын которуп берүү жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга чыгаша бөлүгүндө бекитилген айыл арасында суу түтүтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн 65065 сом акча каражатынан Балапан-Сай автожолун ондоого 35000 (отуз беш мин) сом акча каражаты которулуп берилсин.
- Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу ФЭБ башчысы А.Кожобековго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ө.Камчыбековго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: К.Төрөкулов.
ТОКТОМ №21/5-3
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VI–чакырылышынын ХХI-сессиясы
18.04.2016-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга 3111 беренесинин
31112290 бөлүмчөсүнөн 2211 беренесинин 22111100
бөлүмчөсүнөн 20575,00 (жыйырма мин беш жүз жетимиш беш)
сом билимин жогорулатууга, окуудан өткөн кызматкерлер
үчүн сапар чыгымына которуп берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга 3111 беренесинин 31112290 бөлүмчөсүнөн 2211 беренесинин 22111100 бөлүмчөсүнө 20575,00 (жыйырма мин беш жүз жетимиш беш) сом билимин жогорулатууга, окуудан өткөн кызматкерлер үчүн сапар чыгымына которуп берүү жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга 3111 беренесинин 31112290 бөлүмчөсүнөн 2211 беренесинин 22111100 бөлүмчөсүнө 20575,00 (жыйырма мин беш жүз жетимиш беш) сом билимин жогорулатууга, окуудан өткөн кызматкерлер үчүн сапар чыгымына которулуп берилсин.