• 22Апр

    shapka

     

    15.02.2017-жыл.                                                          Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин  VII–чакырылышынын III-сессиясы 

    ТОКТОМ №1

    “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы аткарган жумуштарынын отчёту, 2017- жылга аткарыла турган  иш планын бекитүү жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы аткарган жумуштарынын отчёту, 2017-жылга аткарыла турган  иш аракетинин планын бекитүү жөнүндө  Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун  билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши; 

    ТОКТОМ   КЫЛАТ: 

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы аткарган жумуштарынын отчёту “канаттандыраарлык” деп табылсын.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга аткарыла турган иш аракетинин планы бекитилсин.

    (тиркеме тиркелет)

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;
    2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                          Т. Эшалиев. 


    shapka

    15.02.2017-жыл.                                                          Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын III-сессиясы 

    ТОКТОМ №1/1

    “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  2017-2020- жылдарда аткарыла турган экономикалык стратегиялык иш планын бекитүү жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарда аткарыла турган стратегиялык иш планын  бекитүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун  билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши; 

    ТОКТОМ   КЫЛАТ: 

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарда аткарыла турган стратегиялык иш планы бекитилсин.

    (тиркеме тиркелет)

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;
    2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                          Т. Эшалиев. 


    shapka

    15.02.2017-жыл.                                                            Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин  VII–чакырылышынын III-сессиясы 

    ТОКТОМ №2

          «Ак-Суу айыл  өкмөтүнүн   2017-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдардын  долбоорун  бекитүү  жөнүндө»

                    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2018-2019-жылдардын болжолдуу  долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун  угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

     

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылкы жергиликтүү  бюджеттинин аткарылышы жөнүндө ФЭБ башчынын отчету «канаатандырарлык»  деп табылсын.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин көлөмү бекитилген киреше 2530,1 (эки миллион беш жуз отуз мин бир жуз  )сом, мунун ичинен  атайын каражат 562,5 (Беш жуз алтымыш эки  мин беш жүз )сом, теңдоочу грант 5083,4 (беш миллион сексен уч мин торт  жүз )сом, жалпысы: 7613,5 (Жети  миллион алты жүз он уч миң беш жуз ) сом суммасында  (№1- тиркемеге) ылайык бекитилсин .
    3. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018- 2019-жылдагы жергиликтүү бюджеттин  трансферттерин болжолдуу көлөмү (№2- тиркемеге) ылайык  бекитилсин,  жана  өздүк бекитилген  киреше  мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
    4. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетин чыгаша бөлүгү

         ( № 3 тиркемеге ) ылайык бекитилсин.

    1. 2016-жылдан пайдаланбай калган 935222,74 (Тогуз жуз отуз беш мин эки жуз жыйырма эки сом 74 тыйын) акча каражаттын ар кандай чыгымдарга чыгымдоо  жумуштарына жумшалсын    (№4   тиркеме тиркелет)
    2. 2016-жылдагы атайын каражаттан ата энелер толомунон пайдаланбай калган 36235,00 (отуз алты мин эки жуз отуз беш сом, 00 тыйын) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн балдар бакчасынын тамак ашы   үчүн жумшалсын (№5 тиркеме тиркелет).
    3. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге(айлык акы, соц фонд , тамак аш ,комур, байланыш,электр энергиясы) калган сумма башка түрдүү беренелерге  жумшалсын.
    4. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөттүн  башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн .
    5. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укутарынын негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын 21-беренесине ылайык  жалпы жылдык бюджеттин 1 пайызы 76,0 (жетимиш алты мин) сом олчомундо  айыл өкмөтүнун  резервдик фонду түзүлсүн.
    6. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кенешке сунуш берүү жагы Ак-Суу айыл  өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Кожобековго милдеттендирилсин.
    7. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салыктык эмес төлөмдордүн белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткарууну айыл өкмөттүн салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
    8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомуна негиз айыл өкмөттүн 2 (эки) айыл башчысынын  ордуна 4(торт) айыл башчы, жарым ставка менен 2 (эки) кызматкер аскердик учетко алууга , айлык акылары жетектоочу адистин айлык акысынын денгээлинде каралып бекитилсин.
    9. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жыл башына 2017-жылга жүгүртүучү накталай акча каражаты 200000,00 (эки жуз миң) сом өлчөмү менен бекитилсин.
    10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы бөлүм башчы  А.Кожобековго милдеттендирилсин.
    11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы  Д.Шадыкановко милдеттендирилсин .

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                          Т. Эшалиев


    Ак-Суу айылдык кеңешинин

    15.02.2017-жылдагы

    №2 токтомуна

    Тиркеме  № 1

     

               Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү  бюджетинин

     Эсеби

     

    ff1

     

     Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                          Т.Эшалиев. 


    Ак-Суу айылдык кеңешинин

    15.02.2017-жылдагы     

    №2 токтомуна 

    Тиркеме №2

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга жергиликтүу  бюджетинин

    болжолдуу эсеби

    ff2

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                          Т.Эшалиев. 


    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү жөнүндө маалымат.

    Тиркеме №3

    ff3

    Айыл окмот башчысы :                                      У.Качыбеков

               ФЭБ  башчысы:                                         А.Кожобеков


    Ак-Суу айылдык кеңешинин

    15.02.2017-жылдагы         

    №2 токтомуна 

    Тиркеме №4

     

    Ак-Суу айылынын 2016-жылдан пайдаланбай калган акча каражатынын жумшалышы боюнча маалымат 2017-жыл үчүн.

    ff4

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы:                        У. Качыбеков. 

    Башкы бухгалтер:                        А. Кожобеков


    Ак-Суу айылдык кеңешинин

    15.02.2017-жылдагы     

    №2 токтомуна 

    Тиркеме №5

     

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдан пайдаланылбай калган атайын каражаттын 2017-жылга чыгымдоолору боюнча маалымат.        сом менен.

    ff5

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы:                        У. Качыбеков. 

    Башкы бухгалтер:                        А. Кожобеков


    shapka

    15.02.2017-жыл.                                                          Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын III-сессиясы 

    ТОКТОМ №2/1

    “Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча 2017-жылга айыл чарба жер салыгынын эсеби жөнүндө” 

    Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча жер салыгынын базалык ставкалары, коэффициенттерин Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 337, 339 беренелерине ылайык туруктуу комиссиянын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык кеңеши; 

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. 2017-жылга дыйкан чарба жана ФПЗнын жерлери боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкалары, коэффициенттерин Кыргыз Республикасынын салык  Кодексинин 337, 339 беренелерине ылайык бекитилсин.

                                                                            (тиркеме тиркелет).

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;
    2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Шадыкановго  милдеттендирилсин.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                          Т. Эшалиев. 


     

     Бекитилди:

    Ак-Суу  айылдык кенешинин

    15.02.2017-жыл.

    №2-1 токтому менен тиркеме

     

    Ак-Суу айыл окмоту боюнча 2017-жылга юридикалык жер салыгынын эсеби

    Дыйкан чарбалар боюнча.

     

    Суулуу жер                32*31824=1018368

    Кайракы жер              863*6897=5952111

    Чоп чабынды жер     523*1664=870272

                                                   Бардыгы: 7840751

     ФПЗ боюнча. 

    Кайракы жер              28*6897=193116

    Чоп чабынды жер     151*1664=251264

    Бак                                5*20072=100360

                                          Бардыгы: 544740

    Жалпысы. 

    Суулуу жер                32*31824=1018368

    Кайракы жер              891*6897=6145227

    Чоп чабынды жер     674*1664=1121536

    Бак                                5*20072=100360

    Жыйынтыгы: 8385491

     

    Ак-Суу айыл окмотунун башчысы:                             У. Качыбеков

    Ак-Суу айыл окмотунун ФЭБ башчысы:                     А. Кожобеков

    Ак-Суу айыл окмотунун жер адиси:                             А. Алымкулов

    Ак-Суу айыл окмотунун салык инспектору:               Ч. Жуманазаров


    shapka

    15.02.2017-жыл.                                                          Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын III-сессиясы 

    ТОКТОМ №2/2  

    “Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыктары жөнүндө” 

    “Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыктары жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак- Суу айылдык Кенеши; 

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

     

    1. Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгы боюнча пенсионерлерге, майыптарга жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 15(он беш) сотыхтан ашкан жерлерине салык төлөнсүн.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге коэффициент бекитилип берилсин .

                -Ак-Суу айыл өкмөтүнүн борбору-1,0

                -Мазар, Коргон-Дөбө, Ак-Сай, Төө-Басты айылдары -1,0

                -Кен байлыктарды казуу багытындагы мекеме уюмдарга -1,0.

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;
    2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Шадыкановго  милдеттендирилсин.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                          Т.Эшалиев.


    shapka

    15.02.2017-жыл.                                                          Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин  VII–чакырылышынын III-сессиясы 

    ТОКТОМ №3

    «Ак-Суу жайыт комитетинин 2016-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө»

    «Ак-Суу жайыт комитетинин 2016-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө»  туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кенеши; 

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу жайыт комитетинин 2016-жылдагы аткарган иштери «канаттандырарлык» деп табылсын.
    2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;
    3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
    4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                          Т.Эшалиев. 


    shapka

    15.02.2017-жыл.                                                          Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын III-сессиясы 

    ТОКТОМ №3/1

    «Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ветеринардык кызмат көрсөтүү  жөнүндө». 

    «Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ветеринардык кызмат көрсөтүү  жөнүндө»  Ак-Суу айыл өкмөтүнүн вет адиси К.Смаиловдун  билдирүүсүн  угуп, Ак-Суу айылдык Кенеши; 

    ТОКТОМ   КЫЛАТ:

    1. Ветеринардык кызмат көрсөтүү үчүн төмөнкү кызмат акылары бекитилсин.ff6
    2. Ак-Суу айыл аймагындагы 3 жаштан жогорку бодо малдарды идентификациядан өткөрүүдө, мал ээсинен ветеринардык адистин кызмат акысы жана кулакка тагуучу бирканын келген баасынын наркы 37 сом 76 тыйынды кошуп, бардыгы 70 сомдон төлөө  жагы белгиленсин.
    3. Ветеринардык кызматтарды аткаруу жагы вет адис К.Смаиловдун, Ак-Суу вет сервистин башчысы А.Сартаевден жана У.Эпеевден суралсын.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго. милдеттендирилсин.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                          Т.Эшалиев.


    shapka

    15.02.2017-жыл.                                                          Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин   VII–чакырылышынын III-сессиясы 

    ТОКТОМ №4

    “Ак-Суу айыл аймагынын аксакалдар сотун бекитүү жөнүндө”

    “Ак-Суу айыл аймагынын аксакалдар сотун бекитүү жөнүндө  туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, талкуулап  Ак- Суу айылдык кенеши;

    ТОКТОМ   КЫЛАТ: 

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы болуп Шеркулов Кубатбек бекитилсин.
    2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага  жүктөлсүн.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык кенештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы:                          Т. Эшалиев. 

     

     

    Автор admin в 15:14