Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын IV-сессиясы
ТОКТОМ №1
Ак-Суу айылдык кенешинин Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына, жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү). Кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берүү акылары, сууга болгон төлөм акыларына белгиленген сунуштар боюнча жер адиси А. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Ак-Суу айылдык кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөндөгүдөй белгиленсин:
а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 10-апрелден 15-апрелге чейин аткарылсын (жаратылыш шарты эске алынсын)
б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар 5-апрелден 15-апрель аралыгында көчүрүлсүн (жаратылыш шарты эске алынсын)
- Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 25-майдан 15-июнга чейин (жаратылыш шартын эске алуу менен белгиленсин)
а) Бардык малдын түрү ветеринардын эмдөөдөн өтсүн.
б) Тиешелүү ветеринардын документтер менен камсыз болсун.
в) Кайра көчүп келүү 28-августка белгиленсин.
(Эрте көчүп келген атуулдарга аксакалдар сотунун чечиминин негизинде штрафттар төлөнсүн)
- Ак-Суу айылынын калкы жашаган конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (аркандалсын, кайтарылсын)
- Ар айда кезүүгө 50 уйга 2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
- Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга кирбесин.
- Бада алган атуулдун малы, кой, эчкиси 300 баштан ашса, уйу 10 баштан ашса, жылкысы 1 үйүр болсо алыскы чон жайлоого көчүрүлсүн.
- Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы өз ара келишим баада алынсын. (келишимде малдын башын жоготсо, өлтүрсө төлөп берүү койго-кой, козуга-козу болуп бекитилсин)
- Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
- Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыяны атайын уюштурулган камакканага камалып келтирилген зыян эсептелинип төлөнүп берилсин.
Айып акы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
1-иретте бир баш кара малга, жылкыга 200с, жандык 100 с, эшек 300с
Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин.
- Төлөнгөн айып акынын 40% айдап келген кароолго, 40 % кароол кананы кайтарган адамга, 20% кароол кананы ондоп түзөө иштери үчүн жумшалсын.
- Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрү, чөп чабынды көп жылдык чөпкө кайтарууга накталай акча түтүнгө 400 сом менен же андан ашпаган келишим баада бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү жер айдоо, чөп чабуу акылары трактористер менен келишим баада бекитилсин. Көзөмөлдөө жагы жер адиске милдеттендирилсин. (күйүүчү майга болгон баа эске алынсын)
- Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акыларын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин.
- Суу мурап акысы суу прайдалануучулар менен суу мурабдын ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлсүн айына 100 сомдон.
- Сууну туура эмес өз кезегин бузуп, буруп алгандар үчүн жолго суу каптаткан атуулдар үчүн аксакалдар сотунун чечиминин негизинде чаралар көрүлсүн.
- Суу түтүктөрүнөн суу пайдаланган атуулдарга айына түтүнгө 20 сомдон акы төлөө белгиленсин. Ар бир суу түтүккө жооптуу адам дайындоо айыл башчыларга жүктөлсүн.
- Айыл аймагындагы калктуу конуштарда санитардык-гигиеналык абалды сактабаган атуулдарга эскертүү берүу менен санэпидстанцияга көзөмөл жүргүзүү жагы билдирилсин.
- Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана депортаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.
а)Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга аксакалдар сотунун чечиминин негизинде айып салынсын.
- Жол жээгиндеги электр зымдарына тийген бак-дарактын шактарын кыркууну эскертүү Ак-Суу электр тармактар ишканасына жүктөлсүн. Электр энергиясы боюнча бак шактарды кыркуу ар бир абонентине жүктөлсүн. Эгерде тартип бузуучу болсо электр тармактар ишканасынын инструкциясынын негизинде чара көрүлсүн.
- Айыл арасында жолго жакын шактарды чөп ташууга жана башка транспорт жүрүүсүнө жолтоо болбоосу үчүн шактарды үй ээлерине кырктыруу ошол айылдын айыл башчысына жүктөлсүн
- Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо (жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды желгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖП бирикмесине милдеттендирилсин.
- Адам, мал, транспорт жүрүүчү жолдорду өз алдынча короолоп алган атуулдарга аксакалдар сотунун чечиминин негизинде чаралар көрүлсүн.
- Айыл ичиндеги мусорлорду ташып чыгарууга, таштоого мыйзам чегинде жер ажыратуу жагы каралсын. (жер адисине жүктөлсүн)
- Токтомдун аткарылышын Айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго, вет адис К. Смаиловго, айыл башчылары: Д. Шакыевге, Н. Смаиловго, О. Эшкаравге, С. Үрүсбаевге Ж.Кнын төрагасы Н.Момукуловго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу уч. Инспектор С. Ташматовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын жалпы көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык туруктуу комисииясынын төрагасы Н.Акматовго жана анын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловко милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: Т. Эшалиев.
29.03.2017-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын IV-сессиясы
ТОКТОМ №1/1
Ак-Суу айыл аймагындагы АКФнын жана үлүшкө бөлүнгөн жер аянтынан башка Ак-Сай айылындагы Шүкүр-Ата, Жол-Колот, Арал-Секи, Тоо-Басты айылынан Таш-Жар, ошондой эле Коргон-Дөбө айылындагы үлүшкө бөлүнбөгөн жерлерди кайра жайытка калтыруу жөнүндө айылдык кенештин депутаты К.Чоконбаев, Д.Шадыканов жана Т.Добулбековдун сунушун угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын АКФнын жана үлүшкө бөлүнгөн жерлеринен башка Шүкүр-Ата, Арал-Секи, Таш-Жар жана Коргон-Дөбө айылындагы айылга чектеш жайыт жерлер кайрадан кезүүдөгү малдарды кайтарууга жана мал үчүн аркандап пайдалануу үчүн калтырылсын, (кезүүдөгү мал үчүн) аткаруу жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: Т. Эшалиев.
29.03.2017-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын IV-сессиясы
ТОКТОМ №2
«Ак-Суу жайыт комитетинин 2017-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө»
«Ак-Суу жайыт комитетинин 2017-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө» ЖПБ төрагасы Н.Момукуловдун билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетинин кирешелери 443000 сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүктөрү 443000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Ак-Суу жайыт комитетинин жайыттарды башкаруу жана пайдаланууну бир жылдык планы бекитилсин.
- Ак-Суу жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетинде көрсөтүлгөн 3 штаттык бирдик жана эмгек акыларынын өлчөмдөрү бекитилсин.
- Ак-Суу жайыт комитетинде кызматтык машина жок болгондуктан жеке менчик автоунаага күйүүчү май жана тетиктер менен жайыт комитетинин бюджетинен камсыздалып пайдалануу жагы бекитилсин.
- Мал жандыктардын жугуштуу ыланын алдын алуу максатында айыл өкмөтүнүн аймагындагы жана сырттан келген мал жандыктарды алыскы жана жакынкы жайыттарга көчүп өтүү мезгилинде вет кызматкерлери, жайыт комитетинин кызматкерлери менен көзөмөлдөө үчүн Көк-Кыя участогуна пост уюштурулсун.
- Көк-Кыя участогуна пост куруу үчүн жана мал жандык токтоочу аянт үчүн жер участогу бөлүнүп берилсин.
- Бөлүнгөн жер участогун көрсөтүп берүу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Алымкуловго суралсын.
- Посту куруу жана уюштуруу иштери Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы Н.Момукулов жана айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси К. Смаиловго жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: Т.Эшалиев.
Бекитилди:
Ак-Суу айылдык кенешинин
29.03.2017-жыл.
№2 токтомуна тиркеме №1
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу ЖПБнын 2017-жылга бюджетинин эсеби.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: Т.Эшалиев.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын IV-сессиясы
ТОКТОМ №2/1
«Ак-Суу ЖПБнин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөлөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө».
«Ак-Суу ЖПБнин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөлөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө» Ак-Суу ЖПБнын төрагасы Н.Момукуловдун билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу жайыт комитетинин 2017-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап, акы алуусу бекитилсин. 1 баш кара мал, жылкы, эшек үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент), 1жаш кара мал үчүн 1 жылга 45 сом ( 0,7 коэффициент), 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 13 сом ( 0,2 коэффициент).
- Башка айыл аймактарынын, шаарлардын, райондордун атуулдары мал жандыктарын Ак-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жерлеринен пайдалангандыгы үчүн жогорудагы белгиленген коэффициент бир жарым эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн.
- Жайыт комитетине 2017-жылга 3 штаттык бирдик бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго. милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: Т.Эшалиев.
29.03.2017-жыл. Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын IV-сессиясы
ТОКТОМ №3
ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасына “Кароосай” участкасынан убактылуу пайдаланууга 14,0 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө.
Ак-Суу айыл аймагындагы “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 9 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасынын жазган арызы боюнча туруктуу комиссиясын угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык ЖЧК “Нур-Сай Групп” ишканасына убактылуу пайдаланууга “Кароосай” участкасынан 14,0 га жер аянты бекитилип берилсин.
- Бекитилип берилген жер аянтын трансформациялоо Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Коомдук угуулар өткөрүлсүн, Ак-Суу айыл өкмөтү менен жердин ижара келишими жана соц.пакет бекитилсин.
- Жана башка мыйзам ченемдүү иш-чаралар аткарылсын.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: Т. Эшалиев.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VII–чакырылышынын IV-сессиясы
ТОКТОМ №4
«Ак-Суу маданият үйүнүн өзүн-өзү тейлөө кызматы жөнүндө».
Ак-Суу маданият үйүнүн өзүн-өзү тейлөө кызматы жөнүндө маданият үйүнүн жетекчиси У.Наркулованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл арасында өткөрүлгөн иш-чаралар жана сырттан келген кино, концерттердин билеттери кассага эсептелип өткөрүлүп берилсин.
- Айыл арасында өткөрүлүүчү иш-чаралардан түшкөн акча каражатынын 10 %, сырттан келген кино, концерттерден түшкөн акча каражатынын 18 % айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин, аткаруу маданият үйүнүн башчылары У.Наркулова, А.Мырзалиеваларга милдеттендирилсин.
- Айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген акча каражаттары Ак-Суу маданият үйүнүн электр энергиясына жана башка кызмат көрсөтүүлөрү үчүн жумшалсын.