Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1.
«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү акылары жөнүндө» Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү акылары боюнча жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акылары: 1 га кайракы айдоо жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 500 (беш жүз) сом, 1 га чөп чабынды жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 1000 (миӊ) сом, 1 га сугат жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 2500 (эки миӊ) сом болуп бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүүдө айыл өкмөтүнүн балансындагы тракторлору менен 1 га жер үчүн 2500 (эки миӊ) сом (соляркасы, маласы, айдоо акысы ичинде), айыл ичиндеги огороддорду айдоого 1 сотугуна 60 (алтымыш) бекитилсин. Менчик тракторлор менен келишим баада жүргүзүлсүн.
- Чөп чабынды жерге 1 га жерди чаап бериши-1500 (бир миӊ) сом, гравилдөөсү-500 (беш жүз) сом, барабандык гравил менен гравилдөө 700 (жети жүз) сомдон бекитилсин.
- Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрүн кайтарууга 1 сотугуна 1 кгдан, чөп чабынды, көп жылдык чөптү кайтарууга накталай акча менен 1 га жер үчүн 400 (төрт жүз) сом менен же андан ашпаган келишим баада бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акылары Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин. Аукциондун баштапкы баасы 1000 (миӊ) сом болуп бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атууларга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү К.Камалбековго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
16.03.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2.
“Ак-Суу айыл аймагында көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү) жөнүндө” Ак-Суу айыл аймагында көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү) боюнча жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленсин: а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 1-апрелден 15-апрелге чейин аткарылсын. (жаратылыш шарты эске алынсын). б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар 1-апрелден 15-апрелге чейинки аралыкта көчүрүлсүн. (жаратылыш шарты эске алынсын).
- Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 20-майдан 10-июнга чейин көчүү белгиленсин. (жаратылыш шарты эске алынсын). а) Бардык малдын түрү ветеринардык эмдөөдөн өтсүн. б) Тиешелүү ветеринардык документтер менен камсыз болсун. в) Кайра көчүп келүү 1-сентябрга белгиленсин. ( Эрте көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” Кодекстин негизинде айып төлөнсүн.
- Ак-Суу айылынын калк жашаган конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (кайтарылсын, аркандалсын). — Айылда мал алып калгандарга ар бир баш ашыкча мал үчүн “Бузуулар” кодексине негиз айыптар салынсын. — Тартип бузуу кайталанса айыптын суммасы “Бузуулар” Кодексине негизинде чара көрүлсүн.
- Ар бир айылда кезүүгө 50 уйга 2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
- Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга киргизилсин.
- Бада алган атуулдун малы, кой, эчкичи 300 баштан ашса, ую 10 баштан ашса, жылкы 1 үйүр болсо, алыскы чоң жайлоого көчүрүлсүн.
- Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы өз ара келишим баада алынсын.
- Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
- Ак-Сай, Ымам-Ата, Төө-Басты, Коргон-Дөбө айылынын жанындагы жайытка бада баккандар, кышкы жайытта короо-сарайлары бар жайыт пайдалануучулар көчүп келип жайытка отурса кара мал, эшек, жылкыга, жандыкка “Бузуулар” Кодексинин негизинде айып пул салынсын.
- Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыян эсептелинип төлөнүп берилсин. (түзүлгөн актынын негизинде). Айып акы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- 1- ирээтте бир баш кара малга, жылкыга “Бузуулар” Кодексинин негизинде айыптар салынсын.
- Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин.
- Сырттан малы менен көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” Кодексинин негизинде айып салынсын жана көчүрүлсүн.
- Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана департаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.
- Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга “Бузуулар” Кодекстинин негизинде айып салынсын.
- Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо ( жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды белгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖКне милдеттендирилсин.
- Суу мурап акысы суу пайдалануучулар менен суу мураптын ортосундагы келишимдин негизинде 70 сомдон 100 сомго чейин жүргүзүлсүн.
- Токтомдун аткарылышына айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго, вет адиси А.Сартаевге, айыл башчылар: Д.Шакиевге, С.Кыдыралиевге, О.Эшкараевге, С.Үрүсбаевге, ЖКнын төрагасы Э.Жоробековго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү К.Камалбековго жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
16.03.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/1.
“Ак-Сай айылынын Мор-Булак калктуу конушунун тургуну М.Итибаевдин арызын кароо жөнүндө” Ак-Сай айылынын Мор-Булак конушунун тургуну М.Итибаевдин Мор-Булак калктуу конушунун жанындагы чоң сайдын ичиндеги кумду пескоблок чыгарып иштетүүгө бериңиз деген мазмундагы арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Сай айылынын Мор-Булак калктуу конушунун тургуну М.Итибаевдин арызы канааттандырылсын.
- Мыйзам чегинде карап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
16.03.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/2.
“Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин арызын кароо жөнүндө” Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин 1 топтогу майып кызы Абылказы кызы Гүлазимге өз үйүнүн жанындагы ашыкча жерди, турак жай куруу үчүн берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Коргон-Дөбө айылынын тургуну А.Эралиевдин арызы канааттандырылсын.
- Абылказы кызы Гүлазимге мыйзам ченемдүү турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
16.03.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышыны кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/3.
“Ак-Сай айылынын тургуну К.Бекбаевдин арызын кароо жөнүндө” Ак-Сай айылынын тургуну Бекбаев Шекербектин өз менчигине турак жай салуу үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы башкаркармалыгынан 3-03-07-1002-0467 идентификациялык номери менен берилген жерине курулган намазкананы муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндөгү К.Бекбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Сай айылынын тургуну Бекбаев Шекербектин өз менчигине турак жай салуу үчүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы башкармалыгынан 3-03-07-1002-0467 идентификациялык номери менен берилген жерге курулган жамааттык мечит муниципалдык менчикке алынсын.
- Муниципалдык менчигине иш кагаздарын даярдап өткөрүп берүү жагы Ш.Бекбаевге жана мыйзам ченемдүү өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго, жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
16.03.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/4.
“Коргон-Дөбө айылынын тургуну Т.Ыманкуловдун арызын кароо жөнүндө” Коргон-Дөбө айылынын тургуну Ыманкулов Турусбектин Коргон-Дөбө айылындагы жамааттык мечитти айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансына өткөрүп алуу жөнүндөгү арызына негиз жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Коргон-Дөбө айылындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы башкармалыгынан 3-03-07-1003-0194-01 идентификациялык номери менен берилген жерге курулган жамааттык мечит муниципалдык менчикке алынсын.
- Муниципалдык менчигине мыйзам ченемдүү өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго, жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
16.03.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/5.
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы фронталдык погрузчикти арендага берүү жөнүндө” Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы фронталдык погрузчикти арендага берүү жөнүндө Ак-Суу айылынын тургуну Б.Эпеевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы фронталдык погрузчик Ак-Суу айылынын тургуну Б.Эпеевге 1 жылдык мөөнөткө 150000 (бир жүз элүү миӊ) сомго арендага берилсин.
- Мыйзам ченемдүү арендага актылап өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
16.03.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/6.
“Ак-Суу айыл аймагынын улуу муундагы атуулдарына “Ардактуу атуул”, жана “Кадырман карыя” наамдарын берүү жөнүндө” Ак-Суу айыл аймагынын улуу муундагы атуулдарына айылдын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Ардактуу атуул” жана “Кадырман карыя” наамдарын берүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы С.Барпиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Ак-Суу айылдык кеӊеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылынын атуулдары Чонтаев Аскербекке жана Барпиев Анарбекке Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Ак-Суу айыл аймагынын төмөнкү атуулдарына “Кадырман кырыя” наамы ыйгарылсын.
- Маталиев Алым.
- Шакыева Базаржан.
- Дилдебаев Чонду.
- Балтабаева Салтанат.
- Добулбеков Нурматбек.
- Уметалиев Ташмат.
- Тойгонбаева Фатима.
- Мырзаева Садакан.
- Эрназаров Алтымыш.
- Жуманазаров Коргол.
- Жуманазаров Кыдырбай.
- Боталиев Төлөн.
- Эралиева Жумаян.
- Сагынбаева Бообек.
- Мамыралиева Туюн.
- Качыбекова Сакан.
- Барпыбаев Токтокүчүк.
- Токторалиева Анаржан.
- Момукулов Эмилбек.
- Молдалиева Айымкан.
- Буланова Көйкөл.
- Бабаназарова Бакы.
- Чоконбаева Ажар.
- Байыскулова Айымкыз.
- Барпиев Ракыя.
- Жабаев Ыманкул.
- Жуманалиева Алымкан.
- Шадыканова Ширин.
- Кулуева Бурулай.
- Качыбекова Алима.
- Тиленбаев Орол.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.