22.03.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1.
“COVID-19 илдетин алдын алуу максатында блок пост уюштурууга, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоого акча каражатын кароо жөнүндө”
COVID-19 илдетин алдын алуу максатында блок пост уюштурууга, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоого акча каражатын кароо жөнүндө финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагында COVID-19 илдетин айылга жайылтуунун алдын алуу максатында Майлы-Сай-Ак-Суу-Коргон-Дөбө унаа жолунун Кызыл-Мойнок участкасына блок пост уюштурулуп, тамак-аш, күйүүчү май, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүгө 70111 бөлүмүнүн 2215900 беренесинен түрдүү чыгымга 100000 (жүз миң) сом акча каражатына макулдук берилсин.
- Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам ченемдүү карап иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
22.03.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2.
“Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды, эгинге түшкөн мал акыларына айыптарды бекитүү жөнүндө ”
Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды, эгинге түшкөн мал акыларына айыптарды бекитүү жөнүндө Ак-Суу, Ак-Сай, Коргон-Дөбө айылындагы элдердин жалпы чогулушунун токтомунун негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабынды жана эгинге түшкөн малдын айыптарын бекитүү жөнүндө Ак-Суу, Ак-Сай, Коргон-Дөбө айылындагы элдердин жалпы чогулушунун токтомунун негизинде төмөнкүдөй айыптар бекитилсин.
- Чөп чабынды жерге түшкөн бир баш малга:
А) Кара малга, жылкыга -200 (эки жүз) сом,
Б) Эшекке -200 (эки жүз) сом,
В) Жандыкка – 50 (элүү) сом
— Эгинге түшкөн бир баш малга:
А) Кара малга, жылкыга- 500 (беш жүз) сом,
Б) Эшекке -500 (эки жүз) сом,
В) Жандыкка – 100 (жүз) сом Эскертүү: Сырттан келген малга эки эсе баада айып салынсын.
Эгинге, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирилген зыян актынын негизинде төлөнүп берилсин.
Айыптан түшкөн акча каражаты айдап келген карагулга 40%, кайтарган карагулга 40%, 20% ар түрдүү чыгымдарга берилсин.
Эгерде карагул канага түшкөн малды мал ээси угуп, алып кетпесе Бузуулар комиссиясына өткөрүлүп берилет.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
22.03.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3.
“Айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө”
“КРнын Өкмөтүнүн 04.03.2020-жылдагы №124 “КРнын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана КРнын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы №64 “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомдорунун негизинде айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат орду бекитилсин.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын бир айлык эмгек акысы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндө эсептөө жагы ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
22.03.2020-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №4.
“Айыл аймактагы милициянын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын кароо жөнүндо”
Кыргызстандагы абалга (пандемияга) байланыштуу айыл аймактагы тартипти көзөмөлдөө максатында Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын карап берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспекторунун штаттан сырткары жардамчысынын айлыгын 5000 (миӊ) сом өлчөмүндө, азыркы абал (пандемия) жөнгө салынганга чийин мыйзам ченемдүү карап берүү жагы ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин.