24.03.2021-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1.
“Ак-Суу айыл аймагында көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү) жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагында көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар (калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү) боюнча жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленсин: а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 1-апрелден 15-апрелге чейин аткарылсын. (жаратылыш шарты эске алынсын). б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар 1-апрелден 15-апрелге чейинки аралыкта көчүрүлсүн. (жаратылыш шарты эске алынсын).
- Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 20-майдан 10-июнга чейин көчүү белгиленсин. (жаратылыш шарты эске алынсын). а) Бардык малдын түрү ветеринардык эмдөөдөн өтсүн. б) Тиешелүү ветеринардык документтер менен камсыз болсун. в) Кайра көчүп келүү 1-сентябрга белгиленсин. (Эрте көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” Кодекстин негизинде айып төлөнсүн.
- Ак-Суу айылынын калк жашаган конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (кайтарылсын, аркандалсын). — Айылда мал алып калгандарга ар бир баш ашыкча мал үчүн “Бузуулар” кодексине негиз айыптар салынсын. — Тартип бузуу кайталанса айыптын суммасы “Бузуулар” Кодексине негизинде чара көрүлсүн.
- Ар бир айылда кезүүгө 50 уйга 2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
- Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга киргизилбесин.
- Кичи-Жайлак, Току, Ак-Сайга мал жандык менен чыгууну токой чарба менен биргеликте сүйлɵшүп чечүү жайыт комитетинин тɵрагасы Э.Жоробековго милдеттендирилсин.
- Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы чоң жайлоого 70 сом, жакынкы жайлоолорго 60 сом деп бекитилсин.
- Ар бир бадачы менен жайыт комитетинин ортосунда келишим түзүлсүн.
- Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
- Ак-Сай, Ымам-Ата, Төө-Басты, Коргон-Дөбө айылынын жанындагы жайытка бада баккандар, кышкы жайытта короо-сарайлары бар жайыт пайдалануучулар көчүп келип жайытка отурса кара мал, эшек, жылкыга, жандыкка “Бузуулар” Кодексинин негизинде айып пул салынсын.
- Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыян эсептелинип төлөнүп берилсин. (түзүлгөн актынын негизинде). Айып акы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- 1- ирээтте бир баш кара малга, жылкыга “Бузуулар” Кодексинин негизинде айыптар салынсын.
- Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин.
- Сырттан малы менен көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” Кодексинин негизинде айып салынсын жана көчүрүлсүн.
- Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана департаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.
- Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга “Бузуулар” Кодекстинин негизинде айып салынсын.
- Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо (жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды белгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖКне милдеттендирилсин.
- Суу мурап акысы суу пайдалануучулар менен суу мураптын ортосундагы келишимдин негизинде 70 сомдон 100 сомго чейин жүргүзүлсүн.
- Токтомдун аткарылышына айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго, вет адиси А.Сартаевге, айыл башчылар: Д.Шакиевге, С.Кыдыралиевге, О.Эшкараевге, С.Үрүсбаевге, ЖКнын төрагасы Э.Жоробековго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү Т.Жумабаевге жүктөлсүн.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
24.03.2021-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2.
«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана жер айдоо, чɵп чабынды акылары жөнүндө»
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана жер айдоо, чɵп чабынды акылары боюнча жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акылары: 1 га кайракы айдоо жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 500 (беш жүз) сом, 1 га чөп чабынды жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 1000 (миӊ) сом, 1 га сугат жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 2500 (эки миӊ) сом болуп бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүүдө айыл өкмөтүнүн балансындагы тракторлору менен 1 га жер үчүн 3000 (үч миӊ) сом дың жерди айдоо келишим баада (соляркасы, маласы, айдоо акысы ичинде), айыл ичиндеги огороддорду айдоого 1 сотугуна 60 (алтымыш) бекитилсин. Менчик тракторлор менен келишим баада жүргүзүлсүн.
- Чөп чабынды жерге 1 га жерди чаап гравилдɵɵ менен -2500 (эки миӊ) сомдон бекитилсин.
- Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрүн кайтарууга сезонуна 500 сом, чөп чабынды, көп жылдык чөптү кайтарууга накталай акча менен 1 га жер үчүн 400 (төрт жүз) сом менен же андан ашпаган келишим баада бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акылары Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин. Аукциондун баштапкы баасы 1000 (миӊ) сом болуп бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атууларга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
24.03.2021-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/1.
«КРнын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруучулар союзунун Щвецария ɵкмɵтү тарабынан, Ɵнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы аркылуу каржыланып жаткан “Жергиликтүү денгээлде кызматтарды жакшыртуу” долбоорун каржылоодо кайтарымсыз берилип жаткан акча каражатынын кирешесин жана чыгашасын кароо жөнүндө»
“Жергиликтүү денгээлде кызматтарды жакшыртуу” долбоорун каржылоого кайтарымсыз берилип жаткан акча каражатынын кирешелери жана чыгашалары боюнча Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет жана финансы комитетинин жана айыл ɵкмɵтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектɵɵчү адиси К.Мусабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеӊеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- КРнын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруучулар союзунун Щвецария ɵкмɵтү тарабынан, Ɵнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы аркылуу каржыланып жаткан “Жергиликтүү денгээлде кызматтарды жакшыртуу” долбоорун каржылоодо кайтарымсыз берилип жаткан 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражаты айыл ɵкмɵтүнүн атайын каражаттар бɵлүмүнүн 144111 беренесинин керешесине учурдагы жардам катары киришке алынсын.
- “Жергиликтүү денгээлде кызматтарды кɵрсɵтүү” долбоорун аткарууда ɵздүк салым жана техникалык кɵзɵмɵлдɵɵ жумуштары үчүн каралган 279 843,00 (эки жүз жетимиш тогуз миң сегиз жүз кырк алты) сом акча каражаты 70629 бɵлүмүнɵн 70111 атайын каражаттар бɵлүмүнɵ которууга макулдук берилсин.
- “Жергиликтүү денгээлде кызматтарды кɵрсɵтүү” долбоорун аткарууда жалпы сметасы 979 800,00 (тогуз жүз сетимиш тогуз миң сегиз жүз) сом акча каражаты атайын каражаттар бɵлүмүнүн 3111 беренесинен тратуар курууда чыгымдоого алууга макулдук берилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы финансы жана бюджет комитетинин тɵрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
24.03.2021-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/2.
«Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылынын тургуну Ж.Тынаевге акча каражатын кароо жɵнүндɵ”
Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылынын тургуну Ж.Тынаевдин Түркия мамлекетинде болуучу операциясына акча каражытын кароо жɵнүндɵ айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылынын тургуну Ж.Тынаевдин Түркия мамлекетинде болуучу операциясына 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын которууга макулдук берилсин.
- Акча каражатын мыйзам чегинде карап которуп берүү жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы финансы жана бюджет комитетинин тɵрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.
24.03.2021-жыл. Ак-Суу айылы.
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/3.
«КРнын 15-март 2021-жылдагы №32 мыйзамына негиз Тɵɵ-Басты, Мор-Булак, Кум-Булуң калктуу конуштарга берилген айыл статусуна байланыштуу айыл башчылардын эмгек акыларын кароо жɵнүндɵ”
КРнын 15-март 2021-жылдагы №32 мыйзамына негиз Тɵɵ-Басты, Мор-Булак, Кум-Булуң калктуу конуштарга берилген айыл статусуна байланыштуу айыл башчылардын эмгек акыларын кароо жɵнүндɵ айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- КРнын 15-март 2021-жылдагы №32 мыйзамына негиз айыл аймагындагы Тɵɵ-Басты, Мор-Булак, Кум-Булуң калктуу конуштары мындан ары айыл аймагында Тɵɵ-Басты, Мор-Булак, Кум-Булуң айылдары деп аталсын.
- Жогорудагы аталган калктуу конуштарда азыркы мезгилге чейин иштеп келе жаткан тиешелүү айыл башчыларын бекитүү жана эмгек акысын мыйзам чегинде кароо жагы айыл ɵкмɵтүнүн милдетин аткаруучу С.Мамытовго жана ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
- Айыл башчыларынын кошумча эмгек акысын жана социалдык тɵлɵмдɵрүн тɵлɵɵ максатында башкаруу аппаратынан 321 000, 00 (үч жүз жыйырма бир) сом акча каражаты түрдүү чыгымдар беренесинен эмгек акы беренесине которууга макулдук берилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы финансы жана бюджет комитетинин тɵрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Төрага: С.Барпиев.