
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №6 токтому
2021-жылдын 5-июлу Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Мусабаевдин 6 айлык аткарган ишине баа берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Мусабаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Мусабаевдин 2021-жылдын 6 айында аткарган жумушу кабыл алынсын.
- Ушул токтом, Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом, Ак-Суу айыл айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайытына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Эпеевге милдеттендирилсин.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев