
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅤⅠⅠⅠ чакырылышынын кезектеги ⅠⅠ сессиясынын №8 токтому
2021-жылдын 5-июлу Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагындагы мисте токойлорун жергиликтүү калкка ижарага берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 беренесине ылайык Ак- Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы мөмөлүү мисте дарактары айыл тургундарына ижарага бөлүнүп берилсин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы К. Кыдыралы кызына милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы: — Ижарага берүүнү калктын социалдык катмарына көңүл буруу менен жүргүзүү максатында курамына тиешелүү адистерди камтыган комиссиялык топту бекитсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык комитетинин төрагасы Н. Кайдалиевге жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев