• 04Фев

    ТОКТОМ
    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/16 токтому

    2021-жылдын 17-ноябры                                                                                       Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 9 айлык аткарган жумушуна баа берүү тууралуу

    Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Анарбековдун 2021-жылдын 9 айына карата аткарган жумушу “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
    2. Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
    5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн.

    Төрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 10:07