
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/17 токтому
2021-жылдын 17-ноябры Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин 9 айлык аткарган жумушуна баа берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин баяндамасын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун 2021-жылдын 9 айына карата аткарган жумушу “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн.
Төрага: М.О. Сооронбаев