
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/20 токтому
2021-жылдын 17-ноябры Ак-Суу айылы
Мечитти баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Сай айылында баланстык баасы 900 000 сомду түзгөн, курулуп бүткөн мечит Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.
Төрага: М.О. Сооронбаев