• 04Фев

    ТОКТОМ
    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/31 токтому

    2021-жылдын 17-ноябры                                                                                       Ак-Суу айылы

    А.Касымбеков аттуу жарандын арызы жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1.  Касымбеков Айбек аттуу жарандын “Атасына берилген жердин документин даярдоо жөнүндө” арызы комиссиялык топтун корутундусуна ылайык чечилсин.
    2. Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
    5. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн.

    Төрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 11:33