
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/35 токтому
2021-жылдын 17-ноябры Ак-Суу айылы
Тынарбек уулу Жылдызбекке чачтарачкана куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Тынарбек уулу Жылдызбекке чачтарачкана куруу үчүн О.Асанов атындагы маданият үйү менен чектешкен бош жерден жер тилкеси бөлүп берилсин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.
Төрага: М.О. Сооронбаев