• 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын

    № 4/2 токтому

    2022-жылдын 11-февралы                                                             Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

    Айылдык кеңештин комитеттеринин төрагалары тарабынан иштелип чыккан токтом долбоору менен таанышып жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын өзүмө калтырам.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

    Тиркеме № 1

    (Ак-Суу айылдык кеңешинин

    2022-жылдын 11-февралындагы

    № 4/2 токтомуна)

    Ак-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн

    иш планы

    Аткарылуучу иштердин аталышы Мөөнөтү Жооптуу Эскертме
    1 Ак-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү январь Депутаттар  
    2 Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2022-жылга карата түзүлгөн иш пландарын бекитүү. Январ, Февраль Депутаттар  
    3 Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча 2021-жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу, айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетун угуу. 1-кв Депутаттар
    4 Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата түзүлгөн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн проектисин талкуулоо жана бекитүү. 1-кв, Февраль Депутаттар  
    5 Элди суу менен камсыз кылуу боюнча СООППВ нын жетекчисинин аткарып жаткан иштери боюнча 2-кв Депутаттар  
    6 Элдин бейпилдигин сактоо, диний экстремизмге каршы күрөшүү, билим берүү тармактарын жакшыртуу, жаш өспүрүмдөр арасында коомдук тартипти сактоо, спортту өнүктүрүү максатында айылдарда жаштар арасында спорттук мелдештерди өнүктүрүү уюштуруу, калк арасында түшүндүрүрүү иштерин жүр гүзүү. Ар дайым Депутаттар  
    7 Ак-Суу айыл өкөтүнүн бардык айылдарында көктөндүрүү иштерин уюштуруу. Март, апрель, май Депутаттар  
    8 Мектептерде билим сапатын жана тарбиялык иштерди текшерүү Ар дайым Депутаттар  
    9 Диний экстремизмге каршы күрөшүү. Ар дайым Депутаттар  
    10 Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө отчетторду угуу. Июль, август Депутаттар  
    11 Ак-Суу айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушуусун уюштуруу. Июль, август Депутаттар  
    12 Ак-Суу айыл өкмөтүнүн инфраструктурарасын жакшыртуу үстүндө иштөө жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүнө кошумча булактарды табу жолдорун издөө. Ар дайым Депутаттар  
    13 2022-2023-жаңы окуу жылына карата билим берүү тармактарынын даярдыгы. Август, сентябрь Депутаттар  
    14 Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн салыктардын барлык тиешелүү түрлөрү боюнча, кирешелер боюнча башкы адистин аткарган иштери тууралуу отчеттор. 3-квартал Депутаттар  
    15 Айыл өкмөт башчысынын 2022-жылы аткарган иштери боюнча отчету ноябрь Депутаттар  
    16 2021-жылга карата кабыл алынган пландардын аткарылыштары жана алардын жыйынтыктап баа берүү. 4-квартал Депутаттар  
    17 Алкоголдук ичимдиктерди сатуу эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө Ар дайым Депутаттар  
    18 Жаратылышты сактоо максатында мыйзамга жат көрүнүштөр менен күрөшүү Ар дайым Депутаттар  
    19 Жер казынасын мыйзамсыз пайдаланан жактардын ишине бөгөт коюу жана алдын алуу Ар дайым Депутаттар  
    20 Айыл тургундарынын ынтымагына доо кетирген жана өз ара уруучулдукка бөлгөн жарандарга каршы тиешелүү органдар менен биргеликте мыйзам чегинде күрөшүү Ар дайым Депутаттар  
    21 Чабандардын өз убагында көчүп-конуусун көзөмөлгө алуу Ар дайым Депутаттар  
    22 Жер айдоо иштерин уюштурууну жөнгө салуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү февраль Депутаттар  
    23 Мал камагынын иштөө тартибин жана тарифтерин бекитүү февраль Депутаттар  
    24 Мор-Булак айылынын таза суу, мектептин жылытуу системасын жаңылоо, көмүр сактоочу жайын жана суу сактоочу хаус куруу маселесин кароо февраль Депутаттар  
    25 Трансформация иштеринин жүргүзүлүшүн көзөмөлгө алуу Ар дайым Депутаттар  

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:                                    У.Эпеев

    Автор admin в 01:40