• 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын

    № 4/3 токтому

    2022-жылдын 11-февралы                                                                                    Ак-Суу айылы

    «Ак-Суу айыл  өкмөтүнүн   2022-жылга бюджеттин кирешелери жана чыгашаларын бекитуу 2023-2024-жылдардын  болжолдуу долбоору  жөнүндө»

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2023-2024-жылдардын болжолдуу  долбоорун бекитүү жөнүндө” Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешесинин көлөмү 11346,7 (Он бир миллион үч жуз кырк алты мин жети жуз) сом, мунун ичинен  өздүк киреше 6338,7  атайын каражаты 565,2 (Беш жуз алтымыш беш  мин эки жүз) сом, теңдоочу грант 5008,0 (беш миллион сегиз мин) сом, жайыттын кирешеси 242,3 Жалпысы: 11346,7 (он бир миллион үч жуз кырк алты мин жети жуз) сом суммасында  №1- тиркемеге ылайык бекитилсин .
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетин чыгаша бөлүгү № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    3. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант  биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге (айлык акы, соц фонд, тамак аш, таш комур, коммуналдык кызматка)   жумшалсын.
    4. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  2023-2024-жылдагы жергиликтүү бюджеттин  трансферттерин болжолдуу көлөмү №3 тиркемеге ылайык  бекитилсин,  жана  өздүк бекитилген  киреше  мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
    5. 2022-жылдын башына калган калдыктын эсебинен КР Бюджеттик Кодексинин 24-берененин негиз калдык акча каражаттынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондуна негиз 300,0 (Уч жуз мин) сом өлчөмүндө бекитилсин. Ал эми калган каллдык каражатты 6120519 (алты миллион бир жуз он эки мин беш жуз он тогуз сом) акча каражатын №4 тиркеме ылайык сарпталсын.
    6. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө  беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөттүн  башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн .
    7. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик  укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын 21-беренесине ылайык  жалпы жылдык бюджеттин 1 пайызы 113,0 (Бир жүз он үч мин) сом олчомундо айыл өкмөтүнун  резервдик фонду түзүлсүн.
    8. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү  жана айылдык кенешке сунуш берүү жагы  Ак-Суу айыл  өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына  милдеттендирилсин.
    9. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салыктык эмес төлөмдордүн белгиленген  пландарынын ар бир түрү боюнча аткарууну айыл өкмөттүн салык инспекторуна  милдеттендирилсин.
    10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашаларынын  аткарылышы боюнча, айылдык кенештин  бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы  Финансы экономика болумуно милдеттендирилсин.
    11.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы  С.Дүйшөбаевага милдеттендирилсин.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 01:48