
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кенешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын
№ 4/4 токтому
2022-жылдын 11-февралы Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө
“Таш-Көмүр шаарынын мэри өзүнөн жогору турган мамлекеттик органдагы кызмат адамдары менен биргеликте Ак-Суу айыл аймагынын администрациялык-аймактык бирдигине кирген жерди Таш-Көмүр шаарынын тургундары мыйзамсыз курулуштарды куруп алгандыгы үчүн, шаардын аймагына кошуп алуу аракеттерин жасап жаткандыгы тууралуу” Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 1-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 3, 12-беренелерин жетекчиликке алып, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын администрациялык-аймактык түзүлүшү бирдиктүү жана ажыратылгыс деп белгиленсин.
- Жергиликтүү жашоочулардын пикирин эске алуу менен калкынын саны 50 адамдан кем эмес калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу боюнча талаптагыдай материалдар, документтер даярдалып, КР Президентине, Министрлер Кабинетине КР Жогорку Кеңешине сунушка киргизүү үчүн жиберилсин.
- Мамлекеттик органдар тарабынан Ак-Суу айыл аймагынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнө тиешелүү айыл тургундарынын пикирине каршы келген ченемдик-укуктук актылар чыгарылган учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылуу жагы каралсын.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүгө жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев