
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кенешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын № 4/7 токтому
2022-жылдын 11-февралы Ак-Суу айылы
Жашылдандырууга жер тилкесин берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жашылдандырууга жер тилкесин алууга арыз менен кайрылган:
Н. Добулбеков;
А. Жанчаров;
С. Маталиев;
Ш. Беккулиев;
М. Анарбаев аттуу жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү жагы каралсын.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев