• 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын

    № 4/9 токтому

    2022-жылдын 11-февралы                                                                                    Ак-Суу айылы

    Электр энергиясын сатуу боюнча айыл өкмөтүнүн лицензиясын иштетүүгө келишим түзүү жөнүндө

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    Кыргыз Республикасынын Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Ак-Суу айыл өкмөтүнө берилген “Электр энергиясын сатуу” боюнча серия 1-ГАЭ, №00325 лицензиясынын негизинде аны иштетүүгө кызыктар тарап менен келишим түзүлсүн.

    • Келишимде айыл аймагындагы бардык керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон муктаждыктарын талаптагыдай орундатуусу жана айыл өкмөтүнө социалдык пакет эске алынсын.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 02:06