
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын
№ 4/11 токтому
2022-жылдын 11-февралы Ак-Суу айылы
Эки тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө
Аксы райондук статистика бөлүмү менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитип берүү тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Анарбеков менен Аксы райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Б.Узаковдун ортосунда түзүлгөн айыл өкмөтүнүн экономист-статистинин эмгек акысы, сапар чыгымдары жана башка ар түрдүү чыгымдары боюнча келишими бекитилсин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев