• 16Май

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын

    № 4/15 токтому

    2022-жылдын 11-февралы                                                                                    Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айылы менен  башка аймактарды байланыштырган маршруттук каттамдарды ишке киргизүү жөнүндө

    Айылдык кеңештин депутаты С.Бекмуратовдун маршруттук каттам ачуу тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, айыл тургундарын, конокторун сапаттуу тейлөө максатында Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагын башка калктуу конуштар менен байланыштырган:
    2. Ак-Суу – Кербен;
    3. Ак-Суу – Шамалдуу-Сай;
    4. Ак-Суу – Таш-Көмүр багытындагы маршруттук каттамдарды ишке киргизүү жагы каралсын.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын өзүмө калтырам.

    Тɵрага:                                                                                                    М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 02:18