
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясынын
№ 4/18 токтому
2022-жылдын 11-февралы Ак-Суу айылы
Ак-Суу жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы тарабынан иштелип чыккан токтом долбоору менен таанышып жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасынын 2021-жылы аткарган иштери тууралуу маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
- Ак-Суу жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы бюджет комитетинин төрагасы С.Дүйшебаевага жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев
Тиркеме №1
(Ак-Суу айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын
IV сессиясынын № 4/18 токтомуна)
Жалал-Абад облусу Аксы району Ак-Суу айыл аймагынын
Ак-Суу жайыт комитетинин 2022-жылга бюджети
№ | Кирешелердин статьялары | Сумма |
1 | 2022-жылга жайыт акы төлөмү | 573694 |
2 | Сырттан келип жайыт пайдалангандар | 70000 |
3 | Кызмат көрсөтүүдөн түшө турган каражат | 160000 |
4 | Боз үйдөн түшө турган каражат | 16000 |
Бардыгы | 819694 |
№ | Чыгашалардын статьялары | Сумма |
1 | Камсыздандыруу төлөм 17,25 | 45000 |
2 | Жергиликтүү бюджетке 1/3 | 215000 |
3 | Жайыт инфраструктурасына жана мониторинг | 154694 |
4 | Кыргыз жайыт ассоциациясына | 1000 |
5 | Айлык акы аппарат 3 штат | 264000 |
6 | Сапар чыгым | 100000 |
7 | Канцелярдык товарларга | 40000 |
Бардыгы | 819694 |
Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы: Э.Жоробеков