
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кенешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2022-жылдын 23-март № 5/20 Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл аймагындагы калктын малдарын көчүрүү эрежелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековдун сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагында малдарды жайлоого көчүрүү эрежелери, айылга алып калуучу малдардын тизмеси жана саны, уй кезүүлөрдү уюштуруунун тартиби №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Мал камагынын иштөө тартиби, карагулдардын тизмеси №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Айыл аймагындагы малдын бардык түрү медициналык эмдөөдөн өткөрүлсүн.
- Калктын малын көчүрүү жана жайгаштыруу, жазгы, жайкы, күзгү, кышкы жайыттарды белгилөө жана сактоо, максаттуу пайдаланууну уюштуруу Жайыт комитетине милдеттендирилсин.
- Суу мураптын акысы элдик жыйындын чечиминин негизинде 100 (жүз) сом болуп белгиленсин.
- Ушул токтомдо жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген эрежелерди бузгандарга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин негизинде чаралар колдонулсун.
- Ушул токтом айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкулов, ветеринария адиси А.Сартаев, айыл башчылар Т.Акпаров, А.Боронбаев, О.Эшкараев, С.Урузбаев, А.Итибаев, жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробеков ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
- Токтомдун негизинде киргизилген эрежелерге баш ийбеген жарандарга мыйзам чегинде чара колдонуу милициянын аймактык инспектору Т.Жумабековго милдеттендирилсин.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев
Тиркеме № 1
(Ак-Суу айылдык кеңешинин
2022-жылдын 23-мартындагы
№ 5/20 токтомуна)
Ак-Суу айыл аймагында малдардын көчүү мөөнөтү
№ | Аталышы | Көчүү мөөнөтү | Кайра келүү мөөнөтү |
1 | Калктуу конуштан көчүү | 01.04.2022 – 15.04.2022 | 01.09.2022 – 15.09.2022 |
2 | Эгин талааларына жакын жайгашкан жерден көчүү | 01.04.2022 – 15.04.2022 | 01.09.2022 – 15.09.2022 |
3 | Алыскы жайлоого көчүү | 20.05.2022 – 10.06.2022 | 01.09.2022 – 15.09.2022 |
Калктуу конуштарда алып калууга уруксат берилген малдардын тизмеси
№ | Калктуу конуштарда алып калуучу малдын аталышы | Уруксат берилген саны | Шарты | Эскертме |
1 | Саан уй | 1 | Аркандоо же кайтаруу менен | |
2 | Мингич ат (эшек) | 1 | Аркандоо же кайтаруу менен |
Уй кезүүлөрдү уюштуруунун эрежеси
№ | Аталышы | Уруксат берилген саны | Шарты | Эскертме |
1 | Бир айылга уруксат берилген кезүүнүн саны | 1 | Чөп чабылуучу жерге жана эгин талааларына аралатпоо | |
2 | Бир кезүүдөгү уйлардын саны | 50 | Чөп чабылуучу жерге жана эгин талааларына аралатпоо | |
3 | Бир кезүүдөгү букалардын саны | 2 | Чөп чабылуучу жерге жана эгин талааларына аралатпоо | Кунан жана андан жогору жашта |
Бада алган атуулдун майда жандыктарынын (кой, эчки) саны 200дөн ашса же ую 10дон ашса же жылкысы 1 үйүрдөн ашса алыскы жайлоого көчүүгө милдеттүү. Бир үйүрдөгү жылкылардын саны 10дон ашпоого тийиш.
Жакынкы жайлоого көчкөндөрдүн отурукташкан орду эгин таалаларына жана чөп чабылуучу жерлерге 5 (беш) километрден жакын болбошу керек.
Жайыттарды жана эгин талааларды кайтарып, камакканага мал айдап келген жаран менен камаккана кароолчусуна түшкөн айып пул тең бөлүнүп берилсин.
Тиешелүү аймакка жооптуу болгон кароолчу эгер ошол аймактагы эгинге мал түшсө, келтирилген зыяндын 25% бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттүү. Калган 75% бөлүгүн малдын ээси төлөп берет.
Айып пулдун өлчөмү
№ | Малдын аталышы | Айып пул (сом) | Эскертме |
1 | Жылкы | 500 | |
2 | Эшек | 500 | |
3 | Уй | 300 |
Эгер тартип бузган малдардын ээси Ак-Суу айыл аймагынын тургуну болуп саналбаса айып пулдар белгиленген суммадан 2 эсе көп салынат.
Тиркеме № 2
(Ак-Суу айылдык кеңешинин
2022-жылдын 23-мартындагы
№ 5/20 токтомуна)
Айыл аймагындагы жайыт эрежелерин бузган малдарды камоого үч мал камагы белгиленсин:
- Ак-Суу айылынын борбордук бөлүгүндө;
- Эшме участкасында;
- Коргон-Дөбө айылында.
Мал камагынын кайтаруучу кароолчулары жана айдап келүүчү карагулдары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
№ | Мал камагынын аталышы | Кайтаруучу карагул | Айдап келүүчү карагул |
1 | Ак-Суу | Жолборсов Айтыбек | Султанбек уулу Тынарбек |
Кутманов Бактыбек | Жолдошов Медер | ||
Жолборсов Мири | Миңбаев Анаралы | ||
Жүзүбалы уулу Кылым | |||
Султанбек уулу Иличбек | |||
Тиленбаев Дозалы | |||
Итибаев Бекдайыр | |||
Атыбаев Алтынбек | |||
Жабаев Манас | |||
Качыбеков Тынымбек | |||
Нурбаев Космосбек | |||
Үмөталиев Бектеналы | |||
Шакыев Жолдош | |||
Матмырзаев Болот | |||
Султанбек уулу Санжарбек | |||
2 | Эшме | Өмүркулов Саатбек | Кыдыров Алтынбек |
Надырбаев Жолдугул | |||
Жолдошов Асанбек | |||
3 | Коргон-Дөбө | Эралиев Улан | Эралиев Эрказы |
Алешов Зарлык | |||
Алешов Тынарбек | |||
Эсенгелди уулу Бердалы |
Белгиленген тартипти бузган малга жоопкерчилик – камакканага айдап келип акт түзүп кайтаруучу карагулга өткөрүп бергенге чейин айдап келүүчү карагулда, камакка түшкөн малдын ээсин таап эскертүүгө чейин кайтаруучу карагулда болуп саналат.
Айыл өкмөтүнүн жана карагулдардын ортосунда тараптардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын белгилеген келишим түзүлөт.
Милдеттерин талаптагыдай аткарбаган карагулдарды алмаштыруу жагы каралат.