
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2022-жылдын 23-марты № 5/22 Ак-Суу айылы
Архитектуралык иш кагаздарды даярдоо жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагында:
- Бирдиктүү терезе борборун түптөө;
- О. Асанов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү;
- Мор-Булак айылына хаус орнотуу курулуш иштери боюнча тиешелүү мекеме уюмдардын кызматын пайдалануу менен смета түзүү жана архитектуралык иш кагаздарын даярдоо жагы каралсын.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы С.Дүйшөбаевага милдеттендирилсин.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев