
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2022-жылдын 23-марты № 5/25 Ак-Суу айылы
«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө №1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы С.Дүйшөбаевага милдеттендирилсин.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев




