
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2022-жылдын 23-марты № 5/27 Ак-Суу айылы
Үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумдарды эскерүү, үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” Жарлыгы менен таанышып жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагында “Үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” жобонун долбоору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев
Тиркеме № 1
(Ак-Суу айылдык кеңешинин
2022-жылдын 23-мартындагы
№ 5/27 токтомуна)
Аксы районунда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоору
1. Жалпы жоболор жөнүндө
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Райондук комиссиясы
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты райондун аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1.Айыл аймактарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын, шаардын мэринин буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, мэриянын кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2.Ушул жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, мэриянын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3.Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1.Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, ажы той, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, үй-бүлөлүк майрам катары белгиленген салтанаттарын 100 адамдан ашырбай өткөрүү.
3.2. Юбилейлик иш чараларды жана үйлөнүү үлпөт тойлордо ысырапкерчиликке жол бербөө 3 (2 жеӊил жана 1 жүргүнчүлөрдү ташуучу 16 орундуу) автоунаадан ашык чыгарбоо, чакырылган адамдын саны 250дөн ашпоого тийиш.
3.3. Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана башка иш-чараларды өткөрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен макулдашуу.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Сөөк коюуда маркум менен коштошууга жана жаназа окууга катышуучулардын санын чектебөө.
4.2. Аза күндөрү бүткөндөн (3 күндөн) кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук ирээтинде куран окутуу жөрөлгөсүн өткөрүү.
4.3. Сөөк коюуда, той-аштарда түйүн, материалдарды алып барууга тыюу салуу.
4.4. Сөөк коюуда жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди пайдаланууга жол бербөө.
4.5. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келүүчүлөрдүн түйүнчөк, сарпай же кийит көтөрүп келүүсүнө, ырымдап сандык ачууга «көк кийди», «ак кийди», «тон жапты» «жыртыш таратуу» сыяктуу ырым-жырымдарды жасоого тыюу салынат.
4.6. Сөөк коюудан кийин болуучу баарын салтыбызга шылтап «үчтүк», «бейшембилик», «кырк», «жылдык» деген жат көрүнүштөрдү өткөрүүгө тыюу салынат.
4.7. Маркумдун уул-кыздары жана жакындары бир майда жандык союу менен эскерүү иш-чарасын өткөрүү.
4.8. Орозо жана Курбан айт майрамдарын салттуу маркум өткөн үйгө барып куран окуу, ыксыз чыгымга жол бербөө менен үй-бүлөлүк майрам катары белгилөө.
4.9. Аза күндөрү бүткөндөн кийин маркум узатылган үйдө атайын бир күндү белгилебей, каалаган убакытта бир жолу эскерүү иш-чарасын өткөрүү.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык айыл аймактардагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, көзөмөлдөө боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн комиссия иш алып барат.
5.1. Райондук комиссия
5.2.1. Райондук комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрацияда түзүлөт. Анын курамына тиешелүү мамлекеттик мекеме уюмдардын жана айыл өкмөтүнүн башчылары, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Райондук комиссиярайондун акимининбуйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
5.2.2. Райондук комиссия бул иште жалпы жетекчилик кылат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жалпылайт, аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт, комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт, жергиликтүү комиссиялардын чечимдерине даттанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн облустук комиссияга сунуш киргизет.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
6.1. Райондун аймагында, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн жарандарга 100 миң сом айып пул салуу жана тиешелүү органдарга токтоосуз маалымат берүү, айыл өкмөттөр тарабынан тиешелүү чараларды көрүү.