• 04Июл

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы

    2022-жылдын 16-июну                    № 6/28                                 Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагындагы жерлерди ижарага берүү тартиби жөнүндө

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын сунушун угуп жана талкуулап, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун 13-14-беренелерине ылайык жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Ак-Суу айыл аймагында айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө мурда үлүш албаган үй-бүлөлөргө жана жакыр үй-бүлөлөргө үй-бүлө башчысынын жаш курагы боюнча кезеги менен түз берүү аркылуу ишке ашырылсын.
    • Калган жарандарга айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү аукцион аркылуу жүргүзүлсүн.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы төраганын орун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                     М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 03:49