• 04Июл

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы

    2022-жылдын 16-июну                      № 6/29                                 Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл аймагындагы чөп чабуучу тракторло кызмат акыларын бекитүү жөнүндө

    Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык комитетинин сунушун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Ак-Суу айыл аймагында 2022-жылда чөп жыйноо мезгилине карата кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи төмөнкүдөй бекитилсин:
    • Чөп чабуу – 1 гектарга 2500 сом;
    • Грабли жасоо – 1 гектарга 1500 сом;
    • Пресс-подборщик – 1 даанасы 25 сом.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                          М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 03:54