
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы
2022-жылдын 16-июну № 6/30 Ак-Суу айылы
Айыл өкмөтүнүн балансындагы техникаларды пайдалануунун эрежелери жөнүндө
Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык комитетинин сунушун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөтүнүн балансындагы оор техникаларды пайдаланууга атайын айдоочулар менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.
- Техниканын иштөө тартибин жана буйрутма менен жеке жактарга кызмат көрсөтүүлөрдүн тартибин иштеп чыксын.
- Техниканын абалына көзөмөл жүргүзүп турууга комиссиялык топ түзүлсүн.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы төраганын орун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев



