• 04Июл

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы

    2022-жылдын 16-июну                           № 6/34                            Ак-Суу айылы

    Жашылдандырууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

    Ак-Суу айылдык кеңешинин агрардык комитетинин сунушун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Ак-Суу айыл аймагынын Восточный бөлүгүнөн жашылдандыруу максатында жер сурап кайрылган Сооронбаев Саматбекке 50 сотых жер тилкеси ижарага берилсин.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                        М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 04:05