• 04Июл

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы

    2022-жылдын 16-июну                          № 6/35                             Ак-Суу айылы

    Ак-Суу айыл  өкмөтүнүн 2023-2024-2025-жылдарга бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору  жөнүндө

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айылдык кеңештин бюджет комитетинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жана 2024-2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жыйналуучу салыктардын маалыматынын негизинде №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы  С.Дүйшөбаевага милдеттендирилсин.

    Төрага:                                                                                          М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 04:07