
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы
2022-жылдын 16-июну № 6/36 Ак-Суу айылы
Ижарага жер берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айылдык кеңештин агрардык комитетинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын Анар участкасынан Шадыканов Эрмекке көмүр ээлеп сатуу үчүн 3 га жер тилкесин убактылуу ижарага берүү жагы каралсын.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевге милдеттендирилсин.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев