22.01.2015-ж Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл Кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги 16 -сессиясынын
ТОКТОМУ № 16-1
«Айылдык кеңешинин айрым депутаттарынын
депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө».
Айылдык кенешинин депутаты этика комиссиясынын мучосу Торокулова Уулайымдын, айылдык кенештин депутаты Токтобаев Насырбектин катары менен торт жолу сессияга келбегендиги жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Кыргызстандын аймагынан сырткары жүрүп,айылдык кеңештин сессияларына себепсиз катары менен төрт жолудан ашыкча катышпагандыгына байланыштуу «Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун 10-пунктчасына негиз №2342 шайлоо участкасынан шайланган Токтобаев Насырбектин депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
- Бул токтомду бекитип берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссисынан суралсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: К.Төрөкулов
22.01.2015-ж Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл Кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги 16 -сессиясынын
ТОКТОМУ № 16-2
“Ак-Суу айылындагы борбордук мечитке Ак-Суу айылынын тургуну
Чынасылов молдо Шадыбектин ысмын коюу жөнүндө”
Ак-Суу айылындагы борбордук мечитке Ак-Суу айылынын тургуну Чынасылов молдо Шадыбектин ысмын коюу жөнүндө айылдык кеңешинин төрагасы К.Төрөкүловдун жалпы элдин кайрылуусун, өмүр баянын, чогулуштун токтому жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Суу айылынын тургуну Чынысылов молдо Шадыбекин Ак-Суу айылындагы жаны курулган «Тооба» мечитине Чынасылов молдо Шадыбекин ысмы ыйгарылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Мамытовго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл кеңешинин төрагасы: К.Төрөкулов
22.01.2015-ж Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл Кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги 16 -сессиясынын
ТОКТОМУ № 16-3
“Ак-Суу айыл аймагындагы оз алдынча кен казып иштеткен
атуулдардын мыйзам ченемдүү жумуш аткарбагандыгы жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагындагы өз алдынча кен казып иштеткен атуулдардын мыйзам ченемдүү жумуш аткарбагандыгы жөнүндө айылдык кенештин депутаты Т.Эшалиевдин билдируусун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Суу айыл аймагындагы өз алдынча кен казып иштеткен атуулдардын мыйзам ченемдуу жумуш аткарбагандыгы жөнүндө көзөмөл жүргүзүү үчүн депутаттык комиссия түзүлсүн:
- Эшалиев Т-айылдык кеңештин депутаты
- Панарбек уулу Эрлан- айылдык кеңештин депутаты
- Барпиев Самарбек- айылдык кеңештин депутаты
- Акишов Айбек- айылдык кеңештин депутаты
- Алымкулов Анарбек-айыл өкмөтүнүн жер адиси .
- Ак-Суу айыл аймагындагы өз алдынча кен казып иштеткен атуулдардын мыйзам ченемдуу жумуш аткарбагандыгы жөнүндө түзүлгөн комиссиянын аткарган жумуштарынын жыйынтыгы менен тиешелүү органдарга билдирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл кеңешинин төрагасы: К.Төрөкулов
22.01.2015-ж Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл Кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги 16 -сессиясынын
ТОКТОМУ № 16-3/1
«Аксы Кен Групп» ЖЧК ишканасы жөнүндө»
Кыргыз Республкасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин 05.12.2014-ж №04-2/5972 каты боюнча айылдык кеңештин орун басары Н. Балтабаев «Аксы Кен Групп» ЖЧКна бүгүнкү күндө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилбегендиги жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Суу айыл аймагында иштеп жаткан «Аксы Кен Групп» ЖЧК ишканасы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилбегендиктен аткарып жаткан жумуштары токтотулсун.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл кеңешинин төрагасы: К.Төрөкулов
22.01.2015-ж Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл Кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги 16 -сессиясынын
ТОКТОМУ № 16-3/2
«Т.Д.Казанский» ишканасынын жүргүзгөн иштери жөнүндө »
«Т.Д.Казанский» ишканасынын жүргүзгөн иштери боюнча Ак-Суу айылдык кеңештин орун басары Н. Балтабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Балапан –Сай” участкасында таш (известняк) казуу иштерин жургузгон «Т.Д.Казанский» ишканасынын айыл өкмөтүнө салыктарды төкпөй, келишими жок, мыйзамсыз жүргүзүп жаткан иш-аракеттери жөнүндө “Т.Д.Казанский” ишканасынын жетекчиси Шерматов Мухтарали Турдыбаевичке эскертилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Шадыкановго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл кеңешинин төрагасы: К.Төрөкулов
22.01.2015-ж Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл Кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги 16 -сессиясынын
ТОКТОМУ № 16-3/3
«ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин
2013-жылы үчүн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө
жана күтүүгө болгон салыктык эмес төлөмү үчүн которулган
82600 сомду кайтарып беруу жүнүндө »
ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин 2013-жылы учун жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө болгон салыктык эмес төлөмү үчүн которулган 82600 сомду кайтарып берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Кожобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин кайрылуусунда көрсөтүлгөн маалыматтар 20.06.2012-жылдагы №89 салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-статьясынын 3-пунктуна негиз туура эмес которулгандыгы белгиленсин.
- Көрсөтүлгөн суммадагы акча каражаты ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын эсептик счетуна которуп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Кожобековго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Камчыбековго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл кеңешинин төрагасы: К.Төрөкулов
22.01.2015-ж Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл Кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги 16 -сессиясынын
ТОКТОМУ № 16-3/4
«Ак-Суу айылындагы балдар бакчасынын
имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө»
Ак-Суу айылындагы балдар бакчасынын имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Кожобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган балдар бакчасынын имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түзүлгөн 3450834 сомду түзгөн сметалык долбоордун, өздүк салымын төлөө үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен 450834 сом акча каражатын төлөп берүү мөөнөтү 2015-жылдын II-кварталына белгиленсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Камчыбековго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл кеңешинин төрагасы: К.Төрөкулов
22.01.2015-ж Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл Кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги 16 -сессиясынын
ТОКТОМУ № 16-3/5
«Ак-Суу айыл аймагында “Тооба” мечитин курууга байланыштуу айылдык кенештин өздүк салым кошуусу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө»
Ак-Суу айыл өкмөтүндө социалдык объектиге бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюминин Ак-Суу айыл аймагына “Тооба” мечитин куруп бергендигине байланыштуу айылдык кеңештин өздүк салым кошуусу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Кожобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Ак-Суу айыл өкмөтүндө социалдык объектиге буткул дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюминин Ак-Суу айыл аймагына “Тооба” мечитин куруп бергендигине байланыштуу айылдык кеңештин өздүк салым кошуусу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20000(жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Камчыбековго милдеттендирилсин.
Ак-Суу айыл кеңешинин төрагасы: К.Төрөкулов
22.01.2015-ж Ак-Суу айылы
Ак-Суу айыл Кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги 16 -сессиясынын
ТОКТОМУ № 16-4
«Ак-Суу айыл өкмотүнүн жооптуу катчысы
Т.Чойбекованын ар түрдүү маселелер жөнүндө»
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.Чойбекованын ар түрдүү маселелер боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун өзүнчө кожолукка бөлунүү боюнча визасына ылайык айылдык кеңешке сунуш болгон төмөнкү атуулдарды кожолукка бөлүү:
Абдылдаев Ажыбек — Коргон-Дөбө, Айдаралиев Келсинбек — Коргон-Дөбө, Айдаралиев Жээнбек -Коргон-Дөбө, Барпиев Алибек -Коргон-Дөбө, Мамутбекова Нуржан -Төө-Басты, Караев Азамат -Коргон-Дөбө, Коргонбаев Келсинбек -Коргон-Дөбө, Камчыбекова Салтанат -Ак-Сай, Үмөткул уулу Жапар- Коргон-Дөбө, Абдылдабеков Каныбек -Төө-Басты, Байзалов Мират -Мазар, Ыманбек уулу Асылбек -Ак-Сай, Асанбек уулу Мирбек -Ак-Сай, Нургазы уулу Асан — Мор-Булак, Сатыбеков Нуржигит -Коргон-Дөбө, Добулбеков Алмазбек -Мазар, Абдесбаев Улан -Коргон-Дөбө, Жуманалиев Марат –Мазар, Үмөткул кызы Жыпар-Коргон-Дөбө
- Айылдык кеңешке турак-жай салуу үчү н жер участогун сураган атуулдар:
Алтымышов Уранбек-Мазар, Коргонбаев Келсинбек-Коргон-Дөбө, Бегалиев Үмөткул-Үмөткул уулу Жапарга 0,10сотых т.жай салуу жөнүндө, Шадыканов Эрмек-Коргон-Дөбө, Таалайбек уулу Айбек-Коргон-Дөбө, Эралиева Тынарбу -Төө-Басты, Абдылдабеков Каныбек -Төө-Басты, Жанчаров Илязбек -Төө –Басты,Төрөкулов Бакыт-Төө-Басты Төрөкулов Манатка 0,15 сотых жерин бекитип берүү жөнүндө.
3.Айылдык кеңешке жашап жаткан турак-жайды бекитип берүү жөнүндө.
Мырзабекова Астра — Коргон-Дөбө, Жаналиев Токтоназар -Коргон-Дөбө, Ыманкулов Женищбек- Коргон-Дөбө, Ыманкулова Дамира — Коргон-Дөбө, Ыманкулов Дурусбек — Коргон-Дөбө, Мырзалиева Аткантан — Коргон-Дөбө, Бекназаров Эсенбай — Төө-Басты, Мырзабекова Сапила –Мазар, Жумабеков Бектенбек –Мазар, Сатыбеков Саиткарим — Коргон-Дөбө.
4.Айылдык кеңешке дүкөн курууга жана кичи ишкана салуу жөнүндө
Бечелов Эрнис-Төө-Басты соода дүкөн куруу, Садырова Салтанат -Мазар камоктун жанынан жер суроо, Мор-Булак -№59 Н.Рыскулов атындагы мектепти,Мор-Булактагы ФАПты муниципиалдык менчикке бекитип берүү, Болотахунов Н -Ак-Суу айылына спорт комплексин куруу, Надырбаева Сонунбу -Ак-Суу айылына 0,2сотых жерге тигүү цехин куруу, Малабеков Таалай -Таш-Көмүр-Ак-Суу авто жолунан 0,2сотых жерге бассеин куруу, Анаркулов Жайлоо -Ак-Суу айылына Сварка ишканасын куруу, Акишов Айбек -«Алыш» күрөшүно акча каражатын бөлүү, Шакыев Анарбек -телевышка чакан ишканасына акча каражатын болуу, Смаилов К.Эпеев -«Беккер», «Сибирь» очагдарын оңдоо, Төрөкулов Калдар — тегирменди менчикке бекитип берүү, Алымкулов Анарбек -К.Шеркулов 13800 м2, К.Шеркулов 2200м2,Клуб Коргон-Дөбө 1620м2 бекитип берүү.
5.Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү
Үмөталие Раатбек — Ынтымак-Дөбөдөн, Суеркулов Турсунбай -Ак-Сай ДЭУ тамынын жанынан, Төрокулов Кеңешбек -Көк-Кыя участкасынан, Камил у Урматбек — Көк-Кыя участкасынан, Шерипбек уулу Өмурбек — Көк-Кыя участкасынан.
6.Таза суу жөнүндө
Ж.Биримклов көчөсүнүн жашоочулары, Төө-Басты участкасынын атуулдары, Ак-Сай айылынын тургундары
Ак-Суу айыл кеңешинин төрагасы: К.Төрөкулов