
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII сессиясы
2022-жылдын 20-июлу № 7/44 Ак-Суу айылы
“Бийкомпакт” ЖЧКга уруксат берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Бийкомпакт” жоопкерчилиги чектелген коомуна 3310 АЕ лиценция аянтына жетүү үчүн Кара-Суу (оң) дарыясынын сол жээги аркылуу жол салууга долбоорго ылайык жана эксперттин чечимдеринин негизинде уруксат берилсин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы агрардык комитетинни төрагасы Н.Кайдалиевге жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев