
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы
2022-жылдын 27-июлу № 8/49 Ак-Суу айылы
Мисте дарактарын ижарага берүүнүн тартибин бекитүү берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жарандардан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы мисте дарактарын ижарга берүүнүн тартибин аныктоо жана аны ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысы жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы төраганын орун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев