
ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы
2022-жылдын 27-июлу № 8/50 Ак-Суу айылы
Эс алуучу жайлардын иштөө тартибине айрым чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” КРнын Мыйзамына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жарандардан келип түшкөн кайрылууларды жана милициянын аймактык инспекторунун сунушун эске алуу менен, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагындагы эс алуучу жайлардын иштөө тартибине төмөнкүдөй чектөөлөр киргизилсин:
Төмөнкүлөргө тыюу салынсын:
- Түнкү убакытта (саат 22:00 – 06:00 аралыгында) балдардын ата-энелерисиз, жакын туугандарысыз же башка көзөмөлчү адамдарысыз жүрүүсүнө;
- Түнкү убакытта жогорку жыштыктагы музыка коюуга жана жашоочулардын тынчын алган жоруктарды жасоого;
- Спирт ичимдиктирин сатууга жана алып келип ичүүгө;
- Сууларды булгоого жана агып жаткан сууга киринүүгө.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.
Тɵрага: М.О. Сооронбаев