• 24Авг

    ТОКТОМ

    ПОСТАНОВЛЕНИЕ

    Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы

    2022-жылдын 27-июлу                      № 8/51                               Ак-Суу айылы

    Таза суу ишканасын түптөө жөнүндө

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жарандардан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Ак-Суу айыл өкмөтүнүн карамагына “Ак-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түптөө жагы каралсын.
    • “Ак-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасы “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” КРнын Мыйзамына ылайык каттоодон өткөрүлсүн.
    • Ишкананын уставы бекитилсин жана жетекчиси дайындалсын.
    • Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    • Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
    • Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
    • Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Анарбековго жүктөлсүн.

    Тɵрага:                                                                                    М.О. Сооронбаев

    Автор admin в 11:43