• 05Мар

    shapka

    13.08.2019-жыл.                                                                                  Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1.

               Ак-Суу жайыт комитетинин 2019-жылдын “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу” планынын аткарылышы боюнча маалыматын угуу жөнүндө”

    Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы сессияга чакырылгандыгына  карабай себепсиз келбегендиктен, бухгалтери Э.Жоробековдун “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу” боюнча мааалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу жайыт комитетинин “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу” планындагы аткарылган иштердин маалыматына негиз, жайыт комитетинин төрагасы М.Чокоевдин аткарган иштери “канааттандырарлык эмес” деп табылсын.
    1. Ак-Суу ЖПБнин төрагасы М.Чокоевди жумуштан бошотуу жана ордуна Э.Жоробековду бекитип берүү жагы Ак-Суу ЖПБнин мүчөлөрүнө сунушталсын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешитин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    13.08.2019-жыл.                                                                                   Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2.

               “ Ак-Суу айыл аймагында кен казган мекеме-ишканалардын ишин карап чыгуу боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө”

    Ак-Суу айыл аймагында кен казган мекеме-ишканалардын ишин карап чыгуу боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө айылдык кеңештин төрагасы С.Барпиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагында кен казган мекеме-ишканалардын ишин карап чыгуу боюнча төмөнкүдөй курамда депутаттык комиссия түзүлсүн.
    2. Төрөкулов Калдарбек-а/к төрагасынын орун басары-комиссиянын төрагасы.
    3. Чоконбаев Керималы-а/к депутаты-комиссиянын мүчөсү.
    4. Дозоева Хайтбү-а/к депутаты-комиссиянын мүчөсү.
    5. Муллаева Айчүрөк-а/к депутаты-комиссиянын мүчөсү.
    6. Төрөкулова Уулай-а/к депутаты-комиссиянын мүчөсү.
    7. Ыманкулов Рахманбек-а/к депутаты-комиссиянын мүчөсү.
    8. Бекибаев Бактыбек-а/к депутаты-комиссиянын мүчөсү.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешитин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     


     

    shapka

    13.08.2019-жыл.                                                                                Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/1.

               “ Ак-Суу айыл аймагына кабелдик интернет тартууга кеткен чыгымдардын акча каражатын төлөп берүү жөнүндө”

               Ак-Суу айыл аймагына кабелдик интернет тартууга кеткен чыгымдардын акча каражатын төлөп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагында кабелдик интернетти тартууга кеткен 40859 (кырк миң сегиз жүз элүү тогуз) сом материалдык чыгымды, 7896 (жети миң сегиз жүз токсон алты) сом 6 айлык интернеттин кызмат акысын, жалпы 48755 (кырк сегиз миң жети жүз элүү беш) сом акча каражатын төлөөгө макулдук берилсин.
    1. Акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.


    shapka

    13.08.2019-жыл.                                                                                           Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/2.

               “ Кызыл-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы А.Айтматовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө”

    “Кызыл-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы А.Айтматовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Кызыл-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы А.Айтматовдун билдирүүсүнүн негизинде Ак-Суу аймактык пунктун дарбазасын оңдоого 5000 (беш миң) сом акча каражатына макулдук берилсин.
    1. Акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    13.08.2019-жыл.                                                                                          Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/3.

               “А.Осмонбеков мектебинин ашпозчусу Т.Орозбаеванын жана К.Шеркулов мектебинин ашпозчусу  Н.Умбеталиеванын окууга кеткен сапар чыгымдарын төлөп берүү жөнүндөгү мектеп директорлорунун билдирүүлөрүн кароо жөнүндө ”

    А.Осмонбеков мектебинин ашпозчусу Т.Орозбаеванын жана К.Шеркулов мектебинин ашпозчусу  Н.Умбеталиеванын окууга кеткен сапар чыгымдарын төлөп берүү жөнүндөгү мектеп директорлорунун билдирүүлөрүн кароо жөнүндө  айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагындагы А.Осмонбеков мектебинин ашпозчусу Т.Орозбаевага 5000 (беш миң) сом жана К.Шеркулов мектебинин ашпозчусу Н.Умбеталиевага 5000 (беш миң) сом акча каражаты окууга кеткен сапар чыгымдары үчүн төлөп берүүгө макулдук берилсин.
    1. Акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.


    shapka

    13.08.2019-жыл.                                                                                    Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/4.

               “Коргон-Дөбө айылынын тургундары Тагаев Аралбектин жана Ахмедова Гүлийпанын арызын кароо жөнүндө  ”

    Коргон-Дөбө айылынын Ак-Дөбө көчөсүнө Тагаев Бекбердинин жана Токторалиев Айтынын ысымын ыйгарып берүү жөнүндө жооптуу катчы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Коргон-Дөбө айылынын Ак-Дөбө көчөсүнө Тагаев Бекбердинин жана Токторалиев Айтынын ысымын ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-октябрь 2017-жылдагы №690-токтомунун 10-пункутуна негиз, токтотуп туруу жагы белгиленсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    13.08.2019-жыл.                                                                                       Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/5.

               “Ак-Сай айылынын Мор-Булак калктуу конушунун тургундарынын арызын кароо жөнүндө  ”

    Ак-Сай айылынын Мор-Булак калктуу конушунун тургундарынын жаңыдан курулуп бүткөрүлгөн мечитке Боталиев Төлөн Ажынын ысымын ыйгарып берүү жөнүндө жооптуу катчы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Сай айылынын Мор-Булак калктуу конушунда жаңыдан курулган мечитке Боталиев Төлөн Ажынын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.


    shapka

    13.08.2019-жыл.                                                                                         Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/6.

               “Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы С.Барпиевдин айылдык кеңештин депутаттары жана коомдук уюмдардын төрагалары менен биргеликте КРнын ЖКне  өкүлдөрдү жөнөтүү сунушун кароо жөнүндө”

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы С.Барпиевдин айылдык кеңештин депутаттары жана коомдук уюмдардын төрагалары менен биргеликте КРнын ЖКне       өкүлдөрдү жөнөтүү сунушун кароо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттары жана коомдук уюмдардын төрагалары КРнын Жогорку Кеңешине (Бишкек шаарына)барып келүүгө макулдук берилсин.
    1. КРнын ЖКне (Бишкек шаарына) барган делегациянын сапар чыгымдарын карап каржылоо, уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     

     


     

    shapka

    13.08.2019-жыл.                                                                                           Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезектеги ХV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №3/7.

               “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун Жылтыркан участкасындагы оут (суу сактагыч) 37 га суугат жерди кайракы жерге которуу сунушун кароо жөнүндө”

    “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун Жылтыркан участкасындагы оут (суу сактагыч) кургап калгандыгына байланыштуу, совхоз убагындагы 37 га суугат жерди кайракы жерге которуу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Жылтыркан участкасындагы оут (суу сактагыч) кургап калгандыгына байланыштуу, совхоз убагындагы 37 га суугат жерди кайракы жерге которууга макулдук берилсин.
    1. Жылтыркан участкасындагы 37 га суугат жерди кайракы жерге которууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоо А.Алымкуловго жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     

     


     

     

  • 05Мар

    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                            Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                      кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/1.

               “ Ак-Суу айылдык кенешинин  14-сессиясында Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын, төрагасын шайлоо жөнүндө”

    Ак-Суу айылдык кеңешинин 14-сессиясында айылдык кеңештин орун басары Калдарбек Төрөкуловдун  эсептөө комиссиясын жана төрагасын шайлоо жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын төрайымы болуп 3 (үч) добуш менен Дозоева Хайтбү шайлансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомду бекитип берүү жагы айылдык кеңештин сессиясынан суралсын.

     

     

    Төраганын орун басары:                                                                                  К.Төрөкулов.

     

     


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                            Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                      кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/2.

               “ Ак-Суу айылдык кенешинин  14-сессиясында Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө”

    Ак-Суу айылдык кеңешинин 14-сессиясында айылдык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө эсептөө комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп 13 (үч) добуш менен Барпиев Самарбек Анарбекович шайлансын. (жабык добуш менен).
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын Ак-суу айыл Өкмөтүмамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомду бекитип берүү жагы айылдык кеңештин сессиясынан суралсын.

     

     

    Эсептөө комиссиясынын төрайымы:                                                                                                                                                                                                     А.Дозоева.                                          

                                                                     мүчөлөрү:                       А.Муллаева.

                                                                                                                   У.Төрөкулова.

     

     


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                           Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №1/3.

               “ Ак-Суу айылдык кенешинин  14-сессиясында Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө”

    Ак-Суу айылдык кеңешинин 14-сессиясында айылдык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө эсептөө комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесине ылайык, жолдош Барпиев Самарбек Анарбекович айылдык кеңештин төрагасы болуп бекитилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

     

     

    Төраганын орун басары:                                                                                 К.Төрөкулов.

     


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                            Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ/ПОСТАНОВЛЕНИЕ №2.

               “ Ак-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малды  жайлоолорго көчүрүү жана күзгү жайыттарды сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө”

    Ак-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малды  жайлоолорго көчүрүү жана күзгү жайыттарды сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө ЖПБнин төрагасы М.Чокоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. ЖПБнин малды жайлоолорго көчүрүү жана күзгү жайытты сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматын айылдык кеңештин келээрки сессиясына даярдап келүү жагы ЖПБнин төрагасы М.Чокоевге жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешитин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                            Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ /ПОСТАНОВЛЕНИЕ№3/1.

               “ Ак-Суу  айыл өкмөтүнө социалдык  жактан жардам сурап келген атуулдардын арызын кароо жөнүндө”

    Ак-Суу айылдык кенешинин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн тургундары Бекназарова Алимага 10000 (он миң) сом, Айдаралиев Темирбекке 7000 (жети миң) сом, Багышбекова Гүлзадка 7000 (жети миң) сом, Молдобеков Жеңишке 7000 миң сом акча каражаты берилсин.
    1. Акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана ФЭБ башчысы Э. Алымкуловго жүктөлсүн.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешитин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                             Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ /ПОСТАНОВЛЕНИЕ№3/2.

               “ Ак-Суу айыл аймагынын учурдагы чек арасындагы жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө”

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын жер фондусунун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо” институтуна караштуу           Жалал-Абад  областык жерге жайгаштыруу экспедиция тарабынан аткарылган Ак-Суу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо маселелерин угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №114 токтомунун негизинде Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Ак-Суу айыл аймагынын жер фондусун инвентаризация иштеринин жыйынтыгы жактырылсын.   
    1. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Ак-Суу айыл аймагынын жер балансын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

     

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                             Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ /ПОСТАНОВЛЕНИЕ№3/3.

               “ Бишкек шаарынын Исанов көчөсүнүн 105а/22 батиринин тургуну Кыдыралиев Марат Токторалиевичтин арызын кароо жөнүндө”

              Бишкек шаарынын Исанов көчөсүнүн 105а/22 батиринин тургуну Кыдыралиев Марат Токторалиевичтин арызындагы Ак-Суу айыл аймагынын  Кароо-Сай участкасына кайра иштетүүчү ишкана куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Бишкек шаарынын Исанов көчөсүнүн 105а/22 батиринин тургуну Кыдыралиев Марат Токторалиевичтин арызына негиз Ак-Суу айыл аймагынын Кароо-Сай участкасына кайра иштетүүчү ишкана курууга макулдук берилсин.
    1. Кароо-Сай участкасына  кайра иштетүүчү ишкана курууга 2,8га жер тилкесин мыйзам ченемдүү бөлүп берүү, трансформациялоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана жер адиси  А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго жана агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                             Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ /ПОСТАНОВЛЕНИЕ№3/4.

               “ Ак-Сай айылынын тургуну Суеркулов Замирбектин арызын кароо жөнүндө”

    Ак-Сай айылынын тургуну Суеркулов Замирбектин турак жай салуу үчүн  Ак-Сай айылынан жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Сай айылынын тургуну Суеркулов Замирбекке Ак-Сай айылынан турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилсин.
    1. Турак жай салуу үчүн жер тилкесин караштырып таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     

     


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                             Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ /ПОСТАНОВЛЕНИЕ№3/5.

               “ Ак-Сай айылынын жаштарынын арызын кароо жөнүндө”

    Ак-Сай айылынын жаштарына  Ак-Сай айылына спорт  зал куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Сай айылынын жаштарына спорт зал куруу үчүн жер тилкесин караштырып таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ /ПОСТАНОВЛЕНИЕ№3/6.

               “ Коргон-Дөбө айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө”

    Коргон-Дөбө айылынын тургундарынын Ак-Дөбө көчөсүнүн башындагы Төрөбеков Нарынбектин үйүнүн өйдө жагынан эс алуучу жай курууга  жер тилкесин берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Коргон-Дөбө айылынын тургундарына Ак-Дөбө көчөсүнүн башындагы Төрөбеков Нарынбектин үйүнүн өйдө жагынан эс алуучу жай курууга  жер тилкеси,  булактын башы болгондуктан макулдук берилбесин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ /ПОСТАНОВЛЕНИЕ№3/7.

               “ Коргон-Дөбө айылынын тургуну  Н. Жуманазарованын  арызын кароо жөнүндө”

    Коргон-Дөбө айылынын тургуну Н.Жуманазарованын  үлүш жеринин башына салынган турак жайын оорукчан баласына мыйзамдуу бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Коргон-Дөбө айылынын тургуну Н.Жуманазарованын үлүш жеринин башына салынган турак жайын мыйзам чегинде карап, мыйзам ченемдүү чечип берүү  жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ /ПОСТАНОВЛЕНИЕ№3/8.

               “ Ак-Суу айылынын тургуну  К. Мусабаевдин  арызын кароо жөнүндө”

    Ак-Суу айылынын тургуну  К. Мусабаевдин азыркы жашап жаткан үйүмдү сатып алгандыгыма байланыштуу, мыйзам ченемдүү бир жолу акысыз жер тилкесин  берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылынын тургуну К.Мусабаевдин арызы канааттандырылып, кезек китебине катталсын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ /ПОСТАНОВЛЕНИЕ№3/9.

               “ Ак-Суу айылынын тургуну  К.Төрөкуловдун  арызын кароо жөнүндө”

    Ак-Суу айылынын тургуну  К.Төрөкуловдун Көк-Кыя участкасынан көрктөндүрүп өздөштүрүүгө жер берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылынын тургуну К.Төрөкуловдун арызы канааттандырылсын жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     


     

    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ /ПОСТАНОВЛЕНИЕ№3/10.

               ОсОО “Тосой” ишканасынын жетекчиси Кудаяров Анарбектин  арызын кароо жөнүндө”

    ОсОО “Тосой” ишканасынын жетекчиси  Кудаяров Анарбектин  эски шахтанын отвалдарын  иштетүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. ОсОО “Тосой” ишканасынын жетекчиси Кудаяров Анарбектин  эски шахтанын отвалдарын  иштетүүсүнө макулдук берилбесин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     

     


    shapka

    10.06.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                       кезексиз ХIV сессиясы

    ТОКТОМ /ПОСТАНОВЛЕНИЕ№3/11.

               ОсОО “Юркон-Майнинг” ишканасынын жетекчиси Миңбаев Болоттун  арызын кароо жөнүндө”

    ОсОО “Юркон-Майнинг” ишканасынын жетекчиси  Миңбаев Болоттун  ОсОО “Алтын Ресурс” ишканасынын лицензиясынын аймагына келишим менен база курууга уруксат  берүү  жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. ОсОО “Юркон-Майнинг” ишканасынын жетекчиси Миңбаев Болоттун ОсОО “Алтын Ресурс” ишканасынын лицензиясынын аймагына келишим менен база курууга макулдук берилсин.
    1. Мыйзам ченемдүү документ иштерин жүргүзүү жагы жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитеттин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

    Төрага:                                                                                                                      С.Барпиев.

     

     


     

     

  • 05Мар

    shapka

    03.04.2019-жыл.                                                                                           Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                      ХIII сессиясы

    ТОКТОМ №1.

               “ Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  ижарага берүү акылары жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү акылары боюнча жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара акылары: 1га кайракы айдоо жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 500 сом, 1га чөп чабынды жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 1000 сом, 1 га сугат жер үчүн соц. фонд, жер салыгы менен 2500 сом болуп бекитилсин.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүүдө айыл өкмөтүнүн балансындагы тракторлору менен 1 га жер үчүн 2500 сом ( соляркасы, маласы, айдоо акысы ичинде), айыл ичиндеги огороддорду айдоого 1 сотугуна 60 сомдон бекитилсин. (соляркасы ичинде). Менчик тракторлор менен келишим баада жүргүзүлсүн.
    3. Чөп чабынды жерге 1 га жерди чаап бериши-1500 сом, гравилдөөсү- 700 сом, барабандык гравил менен гравилдөө 1000 сом дон бекитилсин.
    4. Талаачылыктагы буудай, май өсүмдүктөрү, чөп чабынды, көп жылдык чөптү кайтарууга накталай акча түтүнгө 400 сом менен же андан ашпаган келишим баада бекитилсин.
    5. Айыл өкмөтүнүн АКФнын жерлери үчүн ижара акылары Кыргыз Республикасынын  салык кодексинин негизинде жана аукцион менен берилсин.Аукциондун баштапкы баасы 1000 сом болуп бекитилсин.
    6. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
    7. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү П.Анарбековго милдеттендирилсин.
    8. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    9. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

     

     

    Ак-Суу айылдык кеңешине төрагалык кылуучу:                                        К.Төрөкулов.

     

     


    shapka

    03.04.2019-жыл.                                                                                           Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                      ХIII сессиясы

    ТОКТОМ №2.

               “ Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар ( калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү)  жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчүү, мал эмдөө, мал акылары, айыптар        ( калктуу конуштарды, эгин аянтчаларына жакын жердеги отурукчуларды көчүрүү)  боюнча жайыт комитетинин төрагасы М.Чокоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардан малды көчүрүү акыркы мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленсин: а) Калктуу конуштардан малды көчүрүү 1-апрелден 15-апрелге чейин                     аткарылсын. (жаратылыш шарты эске алынсын).                                                         б) Эгин талааларына жакын жайгашкан короо сарайы бар атуулдар                               1-апрелден 15-апрелге чейинки аралыкта көчүрүлсүн. (жаратылыш шарты              эске алынсын).
    2. Алыскы жайлоого көчүү мөөнөтү 20-майдан 10-июнга чейин көчүү белгиленсин. (жаратылыш шарты эске алынсын). а) Бардык малдын түрү ветеринардык эмдөөдөн өтсүн.                                                        б) Тиешелүү ветеринардык документтер менен камсыз болсун.                                  в) Кайра көчүп келүү 1-сентябрга белгиленсин.                                                            ( Эрте көчүп келген атуулдарга “Бузуулар” жөнүндөгү кодекстин негизинде   айып төлөнсүн.
    3. Ак-Суу айылынын калк жашаган конуштарда 1 баш саан уй жана 1 баш менчик атка уруксат берилсин. (кайтарылсын, аркандалсын).                                                             —  Айылда мал алып калгандарга ар бир баш ашыкча мал үчүн “Бузуулар”                  кодексине негиз айыптар салынсын.                                                                            —  Тартип бузуу кайталанса айыптын суммасы “Бузуулар” кодексине                    негизинде чара көрүлсүн.
    4. Ар бир айылда кезүүгө 50 уйга 2 кунандан жашы өйдө букага уруксат берилсин.
    5. Бадачы бадага малды кайсыл жерден алса, күзүндө ошол жерден таркатылсын, айылга киргизилсин.
    6. Бада алган атуулдун малы, кой, эчкичи 300 баштан ашса, ую 10 баштан ашса, жылкы 1 үйүр болсо, алыскы чоң жайлоого көчүрүлсүн.
    7. Бада алган жана берген адамдар үчүн акысы өз ара келишим баада алынсын.
    8. Бада алган атуул мал кошкон малдын ээсинен малды эмдетүү боюнча ветеринардык абалын кагаз жүзүндө атуулдан талап кылынсын.
    9. Ак-Сай, Ымам-Ата, Төө-Басты, Коргон-Дөбө айылынын жанындагы жайытка бада баккандар, кышкы жайытта короо-сарайлары бар жайыт пайдалануучулар көчүп келип жайытка отурса кара мал, эшек, жылкыга, жандыкка “бузуулар” кодексинин негизинде айып пул салынсын.
    10. Ак-Суу айыл аймагынын калктуу конуштарына эгин, чөп чабынды аянттарына зыян келтирсе, келтирген зыян эсептелинип төлөнүп берилсин. (түзүлгөн актынын негизинде). Айып акы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
    • 1- ирээтте бир баш кара малга, жылкыга 50 сом, жандык 5 сом.
    • 2- ирээтте бир баш кара малга, жылкыга 200 сом, жандык 50 сом, эшек 300 сом. Эскертүү: айып акы катталбаган малга 2 эседен жогору бекитилсин.

    40 пайызы айдап келген карагулга, 40 пайызы кайтарган карагулга, 20 пайызы ар түрдүү чыгымдарга.

    1. Ветеринардык кызмат көрсөтүү, ветеринардын эреженин негизинде малдарды эмдөө жана департаменттин белгиленген кызмат көрсөтүү акылары менен эмдөө жүргүзүү вет адистерге милдеттендирилсин.
    • Ветеринардык эмдөөлөрдү өздөрү аткарган атуулдарга ветеринардык кодекстин негизинде айып салынсын.
    1. Айыл аймагындагы калктын малын көчүрүү, жайгаштыруу жайытты сактоо ( жазгы, жайкы, күзгү, кышкы) жайыттарды желгилөө жана жайыт билеттери менен чыгаруу ЖПБне милдеттендирилсин.
    2. Суу мурап акысы суу пайдалануучулар менен суу мураптын ортосундагы келишимдин негизинде 70 сомдон 100 сомго чейин жүргүзүлсүн.
    3. Токтомдун аткарылышына айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловго, вет адиси А.Сартаевге, айыл башчылар: Д.Шакиевге, С.Кыдыралиевге, О.Эшкараевге, С.Үрүсбаевге, ЖПБ төрагасы М.Чокоевге милдеттендирилсин.
    4. Токтомдун аткарылышына баш ийбеген атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонуу аймактык тескөөчү П.Анарбековго жүктөлсүн.
    5. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Суу айылдык кеңешине төрагалык кылуучу:                                        К.Төрөкулов.

     


    shapka

    03.04.2019-жыл.                                                                                            Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                      ХIII сессиясы

    ТОКТОМ №3/1.

               “ Ак-Суу айылынын тургуну Момуналиев Эргешбектин арызын кароо жөнүндө”

    Ак-Суу айылынын тургуну Момуналиев Эргешбектин жардам сурап кайрылган арызынын негизинде Ак-Суу айылдык кеңешинин  финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылынын тургуну Момуналиев Эргешбекке 10000 (он миң) сом акча каражаты берилсин.

     

    1. Акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.

     

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

     

    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.

     

    1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Суу айылдык кеңешине төрагалык кылуучу:                                        К.Төрөкулов.

     

    shapka

    03.04.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын                      ХIII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №3/2.

               КРнын Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик Агеттиги тарабынан берилген 30.07.2013-жылдагы №3310 АЭ лицензиясынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Кыя участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 10,40га (Кысыр аңыз) жер аянтына макулдук берүү жөнүндө:

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХIII сессиясынын күн тартибиндеги 3/2 маселеси болгон “Бийкомпакт” ЖЧКсынан жетекчиси С.В.Буянов 02.04.2019-жылдагы №8 кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. “Бийкомпакт” ЖЧКсынын жетекчиси С.В.Буяновдун 02.04.2019-жылдагы №8 кайрылуусуна жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик Агеттиги тарабынан берилген 30.07.2013-жылдагы №3310 АЭ лицензиясынын ичиндеги Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Көк-Кыя участкасындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 10.40га (кысыр аңыз) жер аянтына макулдук берилсин.
    2. “Бийкомпакт” ЖЧКсынын жетекчиси С.В.Буяновго мыйзам ченемдүү иш алып баруу жагы эскертилсин.
    3. Бул токтомдун негизинде мыйзам ченемдүү документтештирүү жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго жана жер адиси А.Алымкуловго жүктөлсүн.
    4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Төрөкуловго жана агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

     

     

    Ак-Суу айылдык кеңешине төрагалык кылуучу:                            К.Төрөкулов.

     


     

  • 12Мар

    shapka

     

     

     

    08.02.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын   ХII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №1.

    “ Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдардын болжолдуу долбоору жөнүндө”

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана 2020-2021-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комитететинин төрагасынын корутундусун угуп жана талкуулап,        Ак-Суу айылдык кеңеши:

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнүн аткарылышы жөнүндө ФЭБ башчысынын отчёту “канааттандырарлык” деп табылсын.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешесинин көлөмү 4194,8(төрт млн. бир жүз токсон жети миң сегиз жүз) сом, мунун ичинен атайын каражат 565,2(беш жүз алтымыш беш миң эки жүз) сом, жайыттын кирешеси 325,9 (үч жүз жыйырма беш миң тогуз жүз) сом, теңдөөчү грант 6660,4 (алты млн.алты жүз алтымыш миң төрт жүз) сом, жалпы 10855,2 (он млн. сегиз жүз элүү беш миң эки жүз) сом суммасында №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
    3. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жана трансферттердин болжолдуу көлөмү №2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана өздүк киреше мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.
    4. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы чыгаша бөлүгү №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
    5. 2018-жылдан пайдаланбай калган 1134827,88 (бир млн. бир жүз отуз төрт миң сегиз жүз жыйырма жети сом 88 тыйын) акча каражаты ар кандай чыгымдарга чыгымдоо жагы каралсын. №4-тиркеме тиркелет).
    6. 2018-жылдын атайын каражатындагы пайдаланбай калган 117090(бир жүз он жети миң токсон) сомакча каражаты айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына компьютердик камсыздоолорду алуу үчүн жумшалсын.№5 -тиркеме тиркелет).
    1. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге (айлык акы, соц. фонд, тамак-аш, көмүр,  байланыш, электр энергиясына)  калган суммасы башка түрдүү беренелерге жумсалсын.
    2. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн.
    3. “КРнын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесине ылайык жалпы жылдык бюджеттин 1% 108,0 (бир жүз сегиз миң) сом өлчөмүндөайыл өкмөтүнүн резервдик фоонду түзүлсүн.
    4. Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кеңешке сунуш берүү жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
    5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарын ар бир түрү боюнча аткарууну айыл өкмөтүнүн салык инспекторуна милдеттендирилсин.
    6. КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы№403-токтомуна негиз айыл өкмөттүн 2(эки) айыл башчысынын ордуна 4(төрт) айыл башчы, жарым ставка менен 2 (эки) кызматкер аскердик каттоого алууга, алууга айлык акылары жетектөөчү адистин айлык акысынын денгээлинде каралып бекитилсин.
    7. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жыл башына 2019-жылга жүгүртүлүүчү накталай акча каражаты 208000,00 (эки жүз сегиз миң) сом, өлчөмү менен бекитилсин.
    8. Жогоруда аталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
    9. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    10. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    11. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

     

     

     

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын                                                                                                                                                                                орун басары:                                                К.Төрөкулов.

    тиркеме 1 тиркеме 2 тиркеме 3 тиркеме 4 тиркеме 5


    shapka

    08.02.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №2/1.

    “ Ак-Суу ЖПБнин 2018-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы,   2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө”

                 Ак-Суу ЖПБнин 2018-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы,   2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө ЖПБнин бухгалтери Э.Жоробековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу ЖПБнин 2018-жылда киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
    2. Ак-Суу ЖПБнин 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү (1-тиркемеге) ылайык бекитилсин.
    3. Ак-Суу ЖПБнин жайыттарды башкаруу жана пайдалануунун 2019-жылга карата жылдык иш планы бекитилсин.                                                                                                          (тиркеме тиркелет).
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын                                                                                                                                                                                 орун басары:                                                К.Төрөкулов.

     

     

    тиркеме 1 ЖК тиркеме 2 ЖК

     


    shapka

    08.02.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №2/2.

    “ Ак-Суу ЖПБнин бухгалтери Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө”

               Ак-Суу ЖПБнин бухгалтери Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу ЖПБнин 2019-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап чыгып:
    2. 1 баш кара мал, жылкы, үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент),  бир жаштагы кара мал үчүн 1 жылга 45 сом (0,7 коэффициент), 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга    13 сом (0,2 коэффициент) бекитилсин.                                                                                                                                              (тиркеме тиркелет)
    3. Башка айыл өкмөттөрдөн, район, шаарлардан келген мал жандыктарын Ак-Суу ЖПБнин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жогорудагы берилген коэффициент 2 (эки) эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн.
    4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    5. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.

     

     

     

     

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын                                                                                                                                                                                 орун басары:                                                К.Төрөкулов.

     

     

    тиркеме

     


    shapka

    08.02.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын   ХII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №3/1.

    “ Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгын жана дүкөн, күркө, соода уюмдардын,кен казуу багытындагы ишканалардын салыктарын К-1 коэффициентине көтөрүү жөнүндө”

              Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгын жана дүкөн, күркө, соода уюмдардын,кен казуу багытындагы ишканалардын салыктарын К-1 коэффициентине көтөрүү жөнүндө салыкчы Ч.Жуманазаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгы пенсионерлердин жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 15(он беш) сотухтан ашкан жерлерине салык төгүү эскертилсин.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге К-1 коэффициенти бекитилип берилсин.    (дүкөн, күркө, соода уюмдары, кен казуу багытындагы мекеме ишканалар).                           
    3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

     

     

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын                                                                                                                                                                                орун басары:                                                К.Төрөкулов.

     

     

     


     

    shapka

    08.02.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №3/2.

               “Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө”

            Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө К.Төрөкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
    1. Бул токтомду бекитип берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомду жетекчиликке алуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловдон суралсын.

     

     

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын                                                                                                                                                                                орун басары:                                                К.Төрөкулов.

     

     


    shapka

    08.02.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №3/3.          

                “ Ак-Суу айыл аймагында спирт ичимдиктерин саткан ишкерлерге спирт ичимдиктерин сатуусуна чектөө киргизүү жөнүндө”

                Ак-Суу айыл аймагында спирт ичимдиктерин саткан ишкерлерге  спирт ичимдиктерин сатуусуна чектөө киргизүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Х.Дозоеванын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:                                       

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагында лицензиясы жок спирт ичимдиктерин саткан ишкерлерди текшерип мыйзам ченемдүү сатуу жагын карап берүү Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгынан жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен суралсын.
    1. Айыл аймакта лицензиясы бар, спирт ичимдиктерин саткан ишкерлерге кечки  17-00дан таңкы 08-30гө чейин сатууга убактылуу чектөө киргизилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Т.Добулбековго милдеттендирилсин.

     

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын                                                                                                                                                                                орун басары:                                                К.Төрөкулов.

     

     


    shapka

    08.02.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №3/4.

    “Ак-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө”

               Ак-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга иш планын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планы бекитилсин.                                                                                                                                                                                             (тиркеме тиркелет)
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

     

     

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын                                                                                                                                                                                орун басары:                                                К.Төрөкулов.

     

    иш план кенеш

     


    shapka

    08.02.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №3/5.

             “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч.Жуманазаровдун айлык акысын төлөп берүүнү Мамлекттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгына которуу жөнүндө”

              Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч.Жуманазаровдун айлык акысын төлөп берүүнү Мамлекттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгына которуу жөнүндө жооптуу катчы С.Мамытовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч.Жуманазаровдун айлык акысын төлөп берүү жагы Мамлекттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгынан суралсын.
    2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч.Жуманазаровдун айлык акысын төлөп берүү үчүн Мамлекттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгына тиешелүү иш кагаздарын даярдап өткөрүү жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Мусабаевге милдеттендирилсин .
    3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

       Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын                                                                                                                                                                               орун басары:                                                К.Төрөкулов.

     

     


    shapka

    08.02.2019-жыл.                                                                                                 Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХII сессиясы

                                                                      ТОКТОМ №3/6.

             “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  2019-жылга иш планын 2019-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө”

              Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга иш планын жана 2019-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы У.Качыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга аткарыла турган иш планы бекитилсин.

                                                                                                                 (тиркеме тиркелет).

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү”жылына карата айыл аймактарды өнүктүрүү боюнча иш чаралар планы бекитилсин.                                                                         (тиркеме тиркелет).
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.                      
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     

       Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын                                                                                                                                                                               орун басары:                                           К.Төрөкулов.

     

    тиркеме иш план ао //тиркеме олкону санариптештируу боюнча

     

     


     

  • 27Дек

    shapka

     

     

     

    12.12.2018-жыл.                                                                                          Ак-Суу айылы.                 

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХI сессиясы

    ТОКТОМ №1 

                “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 03.12.2018-жылдагы №01-25/443 сандуу катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө”

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 03.12.2018-жылдагы №01-25/443 сандуу катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  жооптуу катчысы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жобосу бекитилсин.
    1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн комиссиянын курамы 7 (жети) адамдан түзүлсүн.

                                                                                                     (комиссиянын курамы тиркелет)

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.                                                            
    2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:                                                           Т.Эшалиев.

    тиркеме

     


    shapka

    12.12.2018-жыл.                                                                                                Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХI сессиясы

      ТОКТОМ №2

                 “Ак-Суу айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу,  2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө ”

    Ак-Суу айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу,  2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы №5,6,7,8,9 сандуу,  2018-жылдын 29-мартындагы №8 сандуу, 2018-жылдын 20-июлундагы №3,4,5 сандуу, 2018-жылдын 17-октябрындагы №3,4 сандуу токтомдору Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинин,19-беренесинин талаптарына каршы келгендиктен жокко чыгарылсын.  
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

     Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:                                                           Т.Эшалиев.


    shapka

     

     

     

    12.12.2018-жыл.                                                                                            Ак-Суу айылы.             

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХI сессиясы

    ТОКТОМ №3

                 “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жөнүндө”

                Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасынын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору 10397500 сом болуп бекитилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча комитетинин төрагасы Д. Шадыкановго милдеттендирилсин.

       Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:                                                           Т.Эшалиев.


    shapka

    12.12.2018-жыл.                                                                                               Ак-Суу айылы.             

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХI сессиясы

                                                ТОКТОМ №4

                 “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевдин 2018-жылы түзүлгөн бюджеттик түзүмүнө өзгөртүү киргизүү  жөнүндө”

                Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевдин 2018-жылы түзүлгөн бюджеттик түзүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн чыгашалар бөлүмүнүн 70111 бөлүмчөсүнүн 2222 беренесинен 2211 беренесине 50000(элүү миң) сом, 70629 бөлүмчөсүнүн 2215 беренесинен 2222 беренесине 20000(жыйырма миң) сом акча каражаты которууга алынсын.
    1. Жогорудагы 70000 (жетимиш миң) сом акча каражаттарын бөлүмдөн бөлүмгө, беренеден беренеге которуу жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.                                                   
    2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча комитетинин төрагасы Д. Шадыкановго милдеттендирилсин.

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:                                                           Т.Эшалиев. 


    shapka

    12.12.2018-жыл.                                                                                                Ак-Суу айылы.           

    Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  ХI сессиясы

     ТОКТОМ №5.

                 “Ак-Суу айылынын уулу-жазуучу, акын, котормочу жана “Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамынын “Эмгек ардагери”,  “Эмгек каармандыгы” медалдарынын ээси Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке (Ильгиз Талипке) Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жана акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө ”

     Ак-Суу айылынын уулу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу, акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Ак-Суу айылынын уулу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке Ак-Суу айылынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
    1. Жазуучу, акын, котормочу Гилязетдинов Ильгиз Талиповичке 10000 сом акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
    1. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
    1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
    1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.

    Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы:                                                           Т.Эшалиев.


     

« Предыдущая страница   Следующая страница »